Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

Косово: Эгемендиктин "кермек" даамы


Косоволук албан күнкорсуздук майрамына улуттук тууларды сатып жүрөт, Приштина, 16-февраль, 2009
Косоволук албан күнкорсуздук майрамына улуттук тууларды сатып жүрөт, Приштина, 16-февраль, 2009

Бүгүн - Косовонун эгемендик күнү. Эл аралык башкаруудагы Сербияга караштуу провинция бир жыл мурда Батыштын колдоосу менен өзүн күнкорсуз деп жарыялаган. Бирок эгемендик косоварларды социалдык-экономикалык каатчылыктан куткарбады.

16-февралда Косовонун премьер-министри Хашим Тачи өлкө борборунан алыс эмес Сллови кыштагына барып, былтыр эгемендик жарыяланган күнү төрөлгөн Паверсияны туулган күнү менен куттуктады. Косово да Паверсия сыяктуу өз алдынча тай-тай басканга үйрөнүп жаткан кез. «Бирок өткөн бир жылда саясый таймаштарга карабай, Косово эгемендик жолунан артка кайтпасын көрсөттү, - дейт приштиналык журналист Арбана Вадишики.- Косовону күнкорсуз деп жарыялоо зобун зордукка алып барат, же региондо бейстабилдүүлүктү жаратат деген кептер акталбады.»

Өткөн бир жыл ичинде Косовону 54 өлкө тааныды. Бирок Сербия, Россия, ошондой эле улуттук азчылыктар проблемасы бар Евробиримдиктин мүчөлөрү: Румыния, Грекия, Словакия, Кипр жана Испания качан тааныйт, белгисиз.

Анткен менен, АКШ Мамкатчысынын орун басар жардамчысы Стюарт Жонс өткөн бир жыл Косово үчүн «түйшүктүү эмгектин жана ийгиликтин жылы болду» дейт«Азаттыкка» берген интервьюда:

- Косовонун өкмөтү жана эли сыймактануусу керек. Өлкө жаңы конституцияга, ондогон жаңы мыйзамдарга, жүздөгөн чакырым жаңы жолдорго, ондогон жаңы мектептерге ээ болду. Приштинада эки жума илгери болгондо көптөгөн оң жылыштарды көрдүм.

Бүгүн жемсөөлүк жана кылмыштуулук Косово үчүн кадыресе көрүнүш. Эмгекке жарамдуу калктын 40 проценти жумушсуз. 120 миң элдүү серб жамааты Косовонун бийлигин чанып, өлкө түндүгүндө өз бийлик органдарын түзүп алган.

Косово 1999-жылы Улуттар Уюмунун башкаруусуна өткөндөн тарта тыштан миллиарддаган доллар жардам алды. Өлкөдө инфраструктура өнүкпөгөндүктөн чет элдик инвесторлор жокко эсе. Энергия абдан тартыш. Приштиналык Азиз Сафедин Косово өкмөтү экономиканы оңгоруш керек экенин айтат.

Өкмөткө нааразылар да бар. Андайлардын бири Приштинанын тургуну Арзим Сехламжижи:

- Күнкорсуз болгонубузга бир жыл болсо да эч кандай өзгөрүү жок. Өзгөрүүлөр болсо да өтө аз. Кээ бир көчөлөр оңдолду, жумушсуздук күч, жемсөөлүк өсүүдө, кылмыштуулук жөнүндө кеп жок.

Евробиримдиктин Митровицанын серб жетекчилерин Косовонун өкмөтү менен чогуу иштешүүгө чакырганына болбой, алар 17-февраль күнү серб парламентинин сессиясын өткөрүшмөкчү. Айрым талдоочулар Косовонун эгемендигинин бир жылдыгына туштап өткөрүлгөнү жаткан серб парламентинин жыйыны тополоңго себеп болушу этимал деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG