Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Араван районунда 97 жаштагы кемпир түтүнгө ууланып каза тапты


Ош облустук өрткө каршы күрөшүү кызматынын инспектору Миргүл Кыдырмышеванын «Азаттыкка» маалымдашынча, бул өрттөн адам өлгөн үчүнчү окуя. Жыл башынан бери дагы эки киши туура эмес орнотулган мештен чыккан жалынды байкабай уктап жатып көз жумган. Облус боюнча январь айында 17 өрт кырсыгы катталып, жарандар 1 миллион 804 миң сомдук зыян тарткан.
Коомдук ишмер Эркин Абдыразаковдун пикирине караганда, адам өмүрү азыр түккө арзыбай калды, башкаларга сабак иретинде жогорудагы окуяга түз же кыйыр тиешеси бар кишилерди таап жазаламайынча, жогорудагыдай кырсыктар токтобойт. (ATo)

XS
SM
MD
LG