Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Миграциянын пайдасынан залалы көп


Мындай пикирин “Азаттыкка” өлкөнүн профсоюздар федерациясынын эмгекчилерди социалдык-экономикалык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы Светлана Семенова билдирди. Анын айтымында, эмгек мигранттары өз өлкөсүнө акча салып, турмуштарын аздыр-көптүр оңдоп жатканы менен анын зыяндары кайсы бир убактан кийин билинет. “Эмгек мигранттары чет өлкөлөргө барып кайсы бир багытта тажрыйба топтоп жатканы менен, башка өлкөдө укуктары тебеленип жатат. Экинчиден, миграция үй-бүлө жагына терс таасирин тийгизип, балдар ата-эненин тарбиясыз өсүп жатышат. Көптөгөн ишке жарамдуу жарандар оорукчан болуп кайтышууда”, - дейт ал. Бүгүн миграция маселелерин талкуулаган жыйын Ысык-Көл облусунда өз ишин баштады. 19-декабрга чейин созулчу бул иш-чарада эмгек мигранттарынын укугун коргоо, мыйзамдын негизинде шартарды түзүп берүү чаралары каралат. Жыйынга Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын адистери катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG