Ош шаарынын казысы Рахматилла Касымовдун сөзүнө караганда, Кыргызстандын түштүк борборун төрт опурталдуу күчтөр каптап баратат:
- Мусулмандарды бөлүп-жарып, улутка ажыратып, өкмөткө каршы үндөгөн төрт топ Ош шаарын жойлоп жүрөт. Биринчиси: Мубаширлер – өзүнүн динин чанып башка динге кошулгандар. Экинчиси: Акромийлер - намаз окубай деле Кудайга ишенгендер. Үчүнчүсү: Ахмадийлер. Ахмадий өзүн мусулмандардын акыркы пайгамбарымын деп эсептеген пакистандык болгон. Ахмадийлердин борбору Израилде жайгашкан. Христиандарды жек көрөт. Мусулмандарды бири-бирине кайраштырган чоң программасы бар. Төртүнчүсү: Хизб-ут Тахрир. Бул агымдын тарапкерлери адамдарды өкмөткө каршы түзүм жаратууга чакырат. Керек болсо улуттар жана диндер арасында араздашууну уюштурууга адистешкен. А түгүл кишилерди жарандык согушка түртүүдөн да кайра тартышпайт.
Ош шаардык милиция жетекчисинин орун басары Сүйүн Өмүрзаков казы Касымовдун айткандарын ырастап, былтыр Курбан Айтта шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратын тороп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жакалаган, быйыл Ноокатта райакимчиликти талкалаган балдардын, аялдардын артында тыюу салынган Хизб-ут Тахрир партиясынын лидерлери тургандыгын эске салды. Сүйүн Өмүрзаков ошондой эле шаарда экстремисттик уюмдардын 182 чакты мүчөсү көзөмөлдө тургандыгын, алардын 4 лидеринин үстүнөн сот жараяны жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Ош шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Курманбай Ташибаев өлкөдө тыюу салынган Хизб-ут Тахрир экстремисттик партиясынын тарапкерлери акыркы убакта арбып бараткандыгын, аларга даватчылар кошулуп кетип, коркунучтуу кырдаал түзүлгөндүгүн, мындай опурталдуу күчтөргө карата чукул чара көрүлбөсө, 2005-жылдын 13-майындагы кандуу Анжиян окуясы Ош шаарында дагы кайталанышы толук ыктымалдыгын жарыя кылды:
- Хизбутчулар жанагы баскычтардан өтүштү. Эми булар улуттарды бири-бирине кайрап жатышат, сен өзбексиң, сен кыргызсың деп. Даабатчылар кошулган Хизбуттар бул өтө опутарлдуу нерсе. Анжиян окуясын чыгаргандар эптеп эле бир балекет кылып, бизде дагы бир тополоң кылалык деп жатышат. Чогуу турбасак кыйын. Бул жалаң эле милициянын иши эмес, же жалаң эле казыяттын иши эмес, же мерянын иши эмес.
Ал эми Кыргызстандын түштүк борборунун башчысы Жумадыл Исаков буларга токтолду:
- Шаарда канча бала бүгүн мектепке барбай мечитке барып жатат. Ошо кожолорго барып өзү билим алып жатат. Кандай билим алып жатат аны ким билет? Же биздин казыят билбейт, же укук коргоо органдары билбейт, бир да анализ жок.
Шаар мэри ошондой эле тыю салынган диний уюмдарга каршы күрөшпөгөн жетекчилер кызматынан бошотула тургандыгын эскертти.
Коомдук ишмер Авазбек Асановдун ою боюнча, мектептерде дин сабагын окутмайынча, диний экстремизм коркунучу сакталып кала берет:
- Эгерде Халифат курулса адилеттүүлүк болот, бирөөнүн акысын бирөө жебейт, коррупсия болбойт ошон үчүн мунун артынан эл ээрчип кетип баратат. Биз Хизб-ут Тахир партиясынын булагы менен күрөшүп жатканыбыз жок, биз натыйжасы менен күрөшүп жатабыз. Мектептерде диний маалымат беришибиз керек. Ислам жөнүндө, Християнчылык жөнундө, ошол түрдүү секталар жөнүндө. Хизб-ут Тахрир, Вахабийлик жөнүндө маалымат беришибиз керек, башка жол жок.