Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Талас облустук театры алгачкы сезонун ачты


Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде “Арыба, Ак кеме”, Бексултан Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектаклдери жана “Мен кантип артист болдум” тамашалуу концерттик программасы менен Талас облустук музыкалык-драмалык театры тушоосун кести, деп билдирди театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев. Театрдын чыгармачылык жамаатын Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтутунун жана Улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайларын бүтүргөн жаштар түзөт. Сазаевдин айтымында, облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков жаш артисттердин турак-жай маселесин чечип берүүгө жана ай сайын азык-түлүк менен бекер камсыз кылып турууга убада берген. Ошондой эле 6-ноябрда маданият жана маалымат министри Султан Раев, облустун губернаторунун катышуусунда Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин алдына Атайдын эстелигинин ачылышы болуп, жаңы театрдын курулушунун пайдубалына белги (капсула) коюлган. Ал эми Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театр өнөрүн изилдөөчү Сарман Асанбековго "Талас шаарынын жана Талас облусунун ардактуу жараны” наамы ыйгарылган. Талас облустук театры быйыл май айында ачылган.(AJ)

XS
SM
MD
LG