Фракциянын депутаттары бүгүнкү жыйынында келерки жылдын бюджет долбоорун карашты. Депутаттарга долбоор тууралуу каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев маалымат берди.Министрлик келерки жылы экономикалык өсүш 6.6% болоорун болжолдоп жатат. Фракция маалыматты уккандан кийин бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алууну жактап, Жогорку Кеңешке алып чыгууну сунуштады.(AiT)