Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

11:30 Асыкбек Оморовдун “Чынгызханы” “XXI кылымдын эң мыкты тарыхый китеби” атанды


Курулуш жана геодезия боюнча адис инженер Асыкбек Оморовдун “Чынгызхан” аттуу тарыхый-илимий китеби жарык көрүп, анын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы Тарых музейинде өттү. Жаңы китептин ачылыш аземине тарыхчы окумуштуулар, жазуучулар, коомдук ишмерлер жана бардык тарых сүйүүчүлөр катышып, “Чынгызхан” аттуу жаңы китеп окумуштуулар тарабынан жогору бааланды. Бир катар тарыхчылар, Чынгызхан тууралуу жазган мурдагы авторлор аны каардуу, зулум, таш боор катары сүрөттөп келишкенин, ал эми бул чыгармада Чынгызхан тап-такыр башка өңүттө чагылдырылганын баса белгилешип, аны тез арада англис, орус тилдерине которууну сунушташты. Ал эми “Мустафа Кемал Ата Түрк” атындагы эл аралык илим жана маданият кайрымдуулук кору, А.Оморовду тарых илимине кошкон салымы үчүн алтын медаль менен сыйлап, автордун эмгегин “XXI кылымдын эң мыкты тарыхый китеби” катары тааныды.

Асыкбек Оморов инженер куруучу кесибине Бишкек (Фрунзе) шаарында ээ болуп, андан соң Орусиянын Новосибирсик шаарындагы Геодезия жана картография институтун бүтүрүп, геодезия инженери болуп чыккан. Кыйла жылдар Орусияда, Монголияда иштеп, көчмөндөрдүн тарыхы тууралуу булактарды чогултуу менен алектенген. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып автор, бул китепти 11 жыл бою жазганын, азыркы тапта “Темирлан” аттуу экинчи китебинин үстүндө иштеп жатканын билдирди. Учурда автор “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун алдында түзүлгөн, “Бучук голд лимитед” компаниясынын генералдык директорунун орун басары болуп эмгектенет. (IJz)

XS
SM
MD
LG