Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

ИНТАРСИЯ ТЕХНИКАСЫ МЕНЕН ИШТЕЛГЕН ЭМГЕКТЕР


Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Владимир Горовойдун “Интарсия” деген аталыштагы жеке көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөдө Владимир Горовойдун интарсия техникасы менен иштелген 74 эмгеги коюлган. Ал эмгектеринин дээрлик көпчүлүгүн пейзаждар түзөт. Мисалы кыргыз жерин, табиятын чагылдырган сүрөттөр. Владимир мырзанын айтуусунда ал Кыргызстанда интарсия техникасы менен иштеген бирден бир сүрөтчү болуп эсептелет.

-Интарсия техникасы байыркы Египетте колдонулган. Аны менен усталар ар кандай үй эмеректерин жасашкан. Андан кийин италиялыктар да колдоно башташкан. Маалыматтарга караганда орто кылымдарда Италияда интарсия техникасы менен иштеген 70тей устакана болгон.

Владимир Горовой маегинин жүрүшүндө бул техниканын жөнөкөйлүгүн айтып, аны менен бир эле тажрыйбалуу сүрөтчүлөр эмес, сүрөт өнөрүнө кызыккан жаш чеберлер да иштешсе болоорун билдирди.

-Техника ушунчалык жөнөкөй, керек болсо сүрөт окуу жайында 4-курста окуп жаткан же болбосо жаңы эле бүтүргөн студенттер деле эмгек жарата алышат. Бир гана жери алар жогорку деңгээлде сүрөт тартканды билиши керек.

Себеби интарсия техникасында эмгек жаратууда алгач кагаз бетине тартып алып андан соң тактай бетине түшүрүлөт. Ал эми ага жаңгак жыгачы керектелет.

-Мен мисалы эртең мененки сегизде жумушумду баштайм да саат бешке чейин интарсия техникасы менен иштейм. Ал эми саат алтыдан баштап, кыл калем алып, кагаз бетине сүрөт тартуу менен алектенем.

Владимир Горовойдун эмгектери Мюнхен, Иркутск сүрөт музейинде жана Казакстан, Украина, Орусиянын музейлеринде оруна алган. Ошондой эле өлкө башчыларына белекке берилет. Мисалы мамлекет Курманбек Бакиевде, Орусиянын экс президенти Владимир Путин, Казакстандын ажосу Нурсултан Назарбаевде бар деп белгилейт сүрөтчү. Анын сүрөттөрү Кыргызстанда 1000 доллардын тегерегинде сатылат. Ал эми чет өлкөдө кымбат бааланат дейт Владимир мырза:

-Чет мамлекетте болжол менен 10 эсе кымбат турат. Мисалы былтыр Мюнхен музейи 7 эмгегимди жогору баада сатып алышкан. Кээ бир чет элдик сүрөт күйөрмандары Кыргызстанда канчага сатылаарын айтсам алар таң калышып,эмнеге бекер эле берип койосуз деп сурашат.

Владимир Горовой буга чейин чет мамлекеттерде өткөн бир катар көргөзмөлөргө катышып, эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына койгон. Гапар айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкери Валентина Иванованын айтуусунда мындай өнүттөгү көргөзмөлөр сейрек уюштурулат:

-Мен ойлойм бул көргөзмө ар бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Сүрөтчү байыркы техниканын жардамы менен мыкты эмгектерди жараткан экен. Сүрөт күйөрмандарын эмгектин жаралышы да кызыктырат болуш керек.

Владимир Горовойдун “Интарсия” деген аталыштагы жеке көргөзмөсү ушул айдын соңуна чейин созулат. Сүрөтчүнүн билдиргенине караганда каалоочулар анын үйүндө жайгашкан устаканасына да келишип, эмгектерине күбө болушса болот.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG