Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

ГРОЗНЫЙДА АХМАТ КАДЫРОВ АТЫНДАГЫ МЕЧИТ АЧЫЛДЫ


Орусиянын түштүгүндөгү Чеченстан республикасынын ордо калаасы Грозныйда бүгүн мечиттин ачылышы болду. Бул - Европадагы эң чоң мечит экени айтылууда. Ахмат Кадыров атындагы жаңы мечит он миңден ашуун адамды батыра алат. Ахмат Кадыров - Чеченстандын 2004-жылы террордук жардырууда өлгөн президенти жана республиканын азыркы президенти Рамзан Кадыровдун атасы.

Бир канча жылга созулган согуштан кийин кайра курула баштаган Грозныйда мечиттин ачылышына Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров катышты.

Ахмат Кадыров атындагы мечиттин ачылыш аземинде президент Рамзан Кадыров буларды айтты:

- Бул – жалпы мусулман жамааттары үчүн сыймык. Бул күнү биз бактылуубуз. Себеби биз чындыгында эле чыныгы мусулмандарбыз.

Кабарларга караганда, мечиттин ачылышына дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн 200 мусулман башчылары катышты. Мечиттин курулуш иштери үч жыл мурда башталып, жалпысынан 20 миллион доллар акча сарпталган.

Бейшемби күнү (16-октябрда) Грозныйга келген Орусиянын премьер-министри Владимир Путин жаңы мечитте болуп, буларды айтты:

- Менимче, жалгыз гана чечен эли жана Чеченстандын мусулмандары гана эмес, Орусиянын бардык мусулмандары дагы бул мечит менен сыймыктана алат. Бул – чындыгында эле жалпы мусулман дүйнөсү үчүн чоң белек.

Ушул айдын башында Грозныйдагы борбордук чоң көчөнүн аталышы Путин деп өзгөртүлгөн. Буга чейин бул көчө Жеңиш деп аталып келген эле.

“Европадагы эң чоң мечит” деп жарыяланган бул мечитке президент Кадыровдун 2004-жылы террордук кол салуу учурунда шейит кеткен атасы Ахмат Кадыровдун ысмы ыйгарылды.

Мечит 10 миң кишини батыра алат жана азан чакырчу мунаранын бийиктиги 60 метр. Мечиттин аймагында Мусулмандар диний башкармалыгынын борбордук кеңсеси, диний мектеп, Ислам университети, мейманкана жана Ислам китепканасынан турган комплекс болот.

Москвачыл президент Рамзан Кадыров бул комплекстин курулушун согуштан кийин бутуна тура баштаган Чечен элин алдыга түртө турган кадам катары баалады.

Узакка созулган согуш учурунда бери дегенде 100 миң адам, же Чеченстандын калкынын 10 пайызы мерт кеткен. Бирок адам укугун коргоочуларынын эсебинде бул сандар бир кыйла көп.

Сүрөт www.vesti.ru интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG