Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

ЖОЛБОРС ЖОРОБЕКОВ: ДАЛИЛДЕБЕЙ ТУРУП ДҮҢҮНӨН СОГО БЕРГЕН ЖАРАБАЙТ


Саясат таануу илиминин доктору Жолборс Жоробеков “Азаттык” менен болгон маегинде Кыргызстандагы саясий кырдаал, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун оош-кыйыштары тууралуу ой-пикир бөлүштү.

- 5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго ар кандай баалар берилип жатат. Бир жагынан оппозиция кескин сынга алса, бийлик баары мыйзам чегинде өттү деп жатат. Сиз саясат таануучу катары кандай баа берет элеңиз?

- Мен өзүм дагы катышып көрдүм, бүт эксперттерден башка байкоолорго караганда өтө чоң мамлекеттик деңгээлдеги, же болбосо чоң бир сөз кыла турган мыйзам бузуулар болгон жок. Анын үстүнө өзүңөр билесиңер, Кыргызстанда президентке, андан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо абдан чоң өтөт дагы, жергиликтүү кеңештерге шайлоого мамлекеттик деңгээлде, элдин арасында көңүл буруулар азыраак болот. Ошон үчүн мына көрбөйсүңөрбү, Бишкек шаарында жана региондордо шайлоого элдин катышы мурдагыдай эмес. Бул деген жергиликтүү кеңештерге шайлоо биздин калкыбыз дагы деле анча баа бербей, анча деле чоң саясий өнөктүк катарында каралбай калгандыгынан болуп атат.

- Бийликке жакын болуп келген “Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүсү кечээ күнү жарык көрүп, алар дагы шайлоону кескин сынга алышты. Буга түрткү берген себеп эмне болду, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин азырынча жумшак оппозицияга өтүшүнө?

- “Жаңы Кыргызстан” партиясы эгерде кандайдыр бир өтө орчундуу мыйзам бузуулар болсо аны тактап көрсөтүш керек эле. Бул жерлерде мындай мыйзам бузуулар болду, болбосо ушундай-ушундай деп. Көп жылдан бери айтылып келаткандай эле оппозициянын дүңүнөн сокмой нерсесине окшоп калып атпайбы. Ошон үчүн кандайдыр бир сөздү айтаарда, же чечимдерди чыгарарда сөзсүз бир катар фактылар, далилдер болсо жакшы болот эле. Бирок “Жаңы Кыргызстандын” мени таң калтырганы - факты жок, баягы эле мурдагы оппозициядагылардан кичине жумшагырак, ооба бизде мыйзам бузуулар болду деген билдирүүсү болду. Ошол мыйзам бузуулар кайсы жерде болду, кандай өлчөмдө, кайсы жагынан кандай болду, мына ушул жагынан так болсо бизге дагы түшүнүктүү болоор эле. Алар дагы оппозициянын эски оорусундай дүңүнөн сокмой адатка чалдыккан деп ойлойм.

- Президенттин жакын пикирлештеринин ушундай саясий кадамы жалпы саясий кырдаалга кандай таасир этет, мындан ары саясий кырдаал кандай өнүгөт?

- Мен президентке өтө жакын адам деп Нур уулу Досбол, Үсөн Сыдыковдорду айтып атасынар го деп ойлоп атам, анткени “Жаңы Кыргызстанды” түптөгөндөр ушул кишилер эмеспи. Эми партия болгондон кийин, тиги кишилер саясий чоң кызматта отургандан кийин, партиянын өзүнүн уюмдары бар, чечим чыгара турган органдары бар, ойлонуп туруп иш жасашса керек. Бирок “Жаңы Кыргызстандын” билдирүүлөрүнө карап туруп эле, президент менен ортосунда жарака кеткен турбайбы, же болбосо дагы бир кандайдыр бир саясий чечимдерди чыгарууга али эртелик кылат.

- Жолборс мырза, Орусиянын президенти бүгүн Кыргызстанга расмий сапары башталды. Бул кыргыз-орус мамилесине олуттуу жылыштарга алып келеби?

- Албетте, биз башка мамлекеттер менен дагы жакшы мамилелерди түзүшүбүз керек. Ошол эле керек болсо Америка, Түркия ж.б. Бирок кудай маңдайыбызга жазган экен Орусия менен бир жарым кылымдан бери өтө тыгыз байланыштабыз. Ошон үчүн бир жарым кылымдын ичинде 4-5 муун алмашты, биз булар менен биротоло жытыгышып калганбыз. Ошон үчүн экономикалык, же руханий ж.б. байланыштарга караганда да бизде жөнөкөй адамдардын ортосундагы жакындашуу өтө жогору. Ошон үчүн мен ойлоп атам, Медведевдин бул келишинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы саясий-экономикалык башка-башка байланыштарга жакшы бир жагдай түзүлөт деп.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG