Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Эл аралык 2-Ысык-Көл кинофестивалынын конкурстук программасына дүйнөнүн 15тен ашык мамлекетинен 100 дөн ашык кинофильмдер келип түшкөн. Улуттук “Кыргызкино” концерндин вице-президенти Абибила Пазыловдун айтуусунда фестиваль октябрь айынын соңунда Бишкекте ачылат. Кинофестивалдын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесинин урматына маркумдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер да көрсөтүлмөкчү.

Бүгүн Бишкекте АКШдан келген “Хави Коро” брейк-данс тобунун концерти өтөт. Америкалык бийчилер Кыргызстанга АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин чакыруусу менен келишкен. Алар жөн эле концерт берип эле кетпестен, келген көрүүчүлөргө жана жергиликтүү бий топторуна өнөрлөрү менен бөлүшүп, устаттык сабактарды уюштурушат.

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух ордо» маданий этнографиялык борборунда бүгүн биринчи жолу “Чолпон жылдыз” эл аралык фестивалы өтөт. Уюштуруучулардын билдиргенине караганда фестивалда 16 мамлекеттен өнөрпоздору ат салышат. Иш-чара 7-октябрда Бишкекте гала концерт менен жыйынтыкталат.

Орусиядагы “Ленком” театры Фридрих Дюрренматтын пьесасына коюлган “Айымдын сапары” аттуу спектаклдин премьерасы менен кезектеги сезонун ачты. Болгар режиссеру Александр Морфов сахналаштырган бул оюнда башкы ролду Мария Миронова ойногон.

Бул аптада Москва консерваториясында Давид ойстрах атындагы скрипачтардын үчүнчү эл аралык сынагы өттү. Ага 12 өлкөдөн 100гө жакын 10 жаштан 35 жшка чейинки өнөрпоздор катышты. Фестивалдын жүрүшүндө ошондой экинчи сынактын жеңүүчүлөрү өнөрлөрүн тартуулашты.

Нью-Йоркто Барри Левинсондун “Бир жолу Голливудда” аттуу тасмасынын бет ачаары болду. Фильмде башкы ролду Роберт де Ниро ойногон.

Ар кайсы өлкөлөрдүн байыркы айкелдерин сактаган Лондондогу Британ музейинде “Скульптурофиля” аттуу көргөзмө ачылды. Анда Энтони Гормли, Марк Куин жана Демиен Херстин заманбап багытта жараткан эмгектери коюлду.

Орустардын “Русский букер” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сыйлыкка бул жолу алты лауреат татыктуу деп табылган. Атай кетсек “Владимир Шаров “Балдардай болгула”, Михаил Элизаров “Китенпкначы” романы менен жана башка калемгерлер.

Бул аптада Краснодар шаарында орус музыкасын аткаруучулардын жана пианистердин сынагы өттү. Үчүнчү ирет уюштурулган фестивалга Жапония, Кытай, Орусия жана башка бир катар мамлекеттерден 20 музыкант ат салышкан. Сынактын шарты боюнча катышуучулар жалан орус композиторлорунун чыгармаларын аткарышкан.
XS
SM
MD
LG