Булардын ичинде Сталиндин такай келатышы өлкөнүн дагы эле советтик кезден кол үзбөй келатканын билдирет дешет талдоочулар. Сталин доорунун актала башташы кийинки сегиз жыл ичи - Путин президент болуп турган жылдары башталды дешет.
Independent жазганга караганда “2006-жылы Сталиндин аброюн оң кабылдаймын деген орусиялыктар эсеби 47 пайызга жеткен. Терс кабылдаймын дегендер 29 пайызды түзгөн». Советтик өткөн кез боюнча жылуу пикир жаратууда чоң ролду Путин ойноду деп жазылган ал жерде.
Андан ары Independent Орусия менен Германия тарых барактарындагы «кара тактарга» ар башка мамиле жасай тургандыгын белгилейт. Маселен, Германияда ысмы бүтүндөй немис атын таанытчу ким деген суроого жооп издеп атканда, аны жүргүзгөн ZDE сыналгысы тизмеге Адольф Гитлерди кошкон эмес. Ал эми «Россия» сыналгысы болсо Ленин, Сталинди бирдей тизмеге кошкон деп жазат.
Башка талдоочулар да Путин бийликке келген жылдары коммунисттик идеология элементери улуттук мүдөөгө айланып кеткенин белгилешет. Анализчи Виктор Ясмандын баамында, бул жылдары «жол башчы» улам мактала берип, эми Сталиндин зулумдугу акталып, ал тургай, калктын көз алдына улуу инсан болуп чыга келди. Анын бир мисалы катары быйылкы жылдан тартып мектептерде окутула турган тарых сабагынын мазмунун айтса болот (А.Филипповдун окуу китебин – ММ). Ал жерде Сталиндин ишкердиги «натыйжалуу башкаруучулук», ал эми анын жүргүзгөн террорчулугу «өлкөнү өнүктүрүүдөгү ыңгайлуу апсап» болуп бааланган.
Азыркы кездин мындан да кыйын учурга дуушар болушун каалабагандыктан калк бийликтин бышык болушун каалап ушуга барып атат дейт жаш философ Оксана Тимофеева:
«Кишилер өзгөрүүгө учураштан коркушат. Эртең бийликке Ле Пен келет экен, а бүрсүгүнү Жириновский келет экен, анда мындан да жаман болот деп коркушат».
Сурамжылоонун нак жыйынтыгы декабрь айында чыгарылат. Аны Орусиялык тарых институтунун профессору Владимир Лавров чыгармакчы.
Кызык жери, анын айтымында, «Лаврентий Берия менен Феликс Дзержинский өлкөнүн (Орусиянын – ММ) атын тааныта алышмак эмес».