Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

КЛАРА КАБИЛОВАГА БАЙЛАНЫШКАН ЧАТАК ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУНУ ДАЛИЛДЕДИБИ?


БШКнын төрайымы Клара Кабилова жаңжалдуу кырдаалда кызматтан кетти. Айрым талдоочулар бул окуя, эми БШКнын мурдагы төрайымы болуп калган Кабилованын видеокайрылуусу Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп турат деген оппозициянын билдирүүлөрүн тастыктагандай болгонун айтышууда. Президенттин уулу Максим Бакиев болсо өзүнө карата Кабилова тараптан айтылган айыптоолорду четке какты.

Бул жумада Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй жаңжалдуу окуя болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова президенттин баласы Максим Бакиевдин кысымынан жана коркутууларынан кызматын таштап, өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгонун видеокайрылуу аркылуу жарыя кылды. Видеокайрылууда Кабилова Максим Бакиев тарабынан кордолгонун, кысымга алынганын, өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн коркуп жатканын айтып, коопсуздугун камсыз кыла албаган президентти айыптаган.
Бирок Максим Бакиев андай айыптоолорду четке кагып жатканын Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди:

Мен Максим Курманбекович менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Анан мен ага айттым, эмне үчүн мындай болуп жатат, сиз Кабилованы коркуттуңуз беле, эгерде коркутсаңыз анда бул мыйзамга туура келбейт дегент мааниде суроо салдым. Максим Курманбекович мага “эч кандай андай сөз болгон эмес. Менин коркутканга акым жок. Мен чалган эмесмин. Сүйлөшкөн эмесмин. Мунун баары калп” деген жоопту узатты.

Бийлик БШКа төрайымынын айланасындагы жаңжалды саясий жана укуктук жактан басууга жетишкендей болду. Бирок анын моралдык зыяны, соккусу бийлик үчүн жууса кеткис так болуп калары байкалып турат.

Андан сырткары Клара Кабилова менен болгон окуя саясий күрөштү ого бетер курчутаары турган иш. Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылы окуя боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылып, Курманбек Бакиевдин президенттик кызматта калууга моралдык акысы жок экенин билдирди.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Клара Кабилова менен болгон окуя үй-бүлөлүк башкарууну далилдеди деп эсептейт:

- Бул саясий оппоненттерди, бийликке каяша кылган адамдарды бийлик куугунтуктап жатат дегенге да далил болуп жатат. Бизде сот көз каранды эмес, басым көрсөтүү жок дегендердин калп экендигин, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатканын көрсөтүп жатат. Бул нерсе - эч кимден коркпой калгандыктын да белгиси. Болбосо бул маселелерди башка жолдор менен чечип, Кадырбековго тоскоол кылып койсо болмок.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашевдин пикири болсо мындай болду:

- Бул окуя мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизет. Кандай болгон күндө да бул окуяга укуктук мамлекеттин негизинде баа берилиш керек. Андан сырткары моралдык жактан бийликке эле мамлекет үчүн да жакшы эмес. Бул маалымат сыртка да тарайт. Мамлекет үчүн кейиштүү нерсе.

Оппозиция азыркы кезде Клара Кабилованы коргоп жатат. Бирок кызыгы, буга чейин оппозиция Кабилованы 2007-жылдагы парламенттик шайлоону бурмалаган деп айыптап, аны кылмыш жообуна тартуу маселесин койгон эле.

Албетте, оппозиция Кабиловадан экинчи кадамды күтүп жатат, ал 2007-жыл декабрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары кандайча бурмаланганын ачыктоо маселеси. Ал эми Кабилова шайлоо кандай жыйынтыкталганын, эмне себептен анын жыйынтыгы ушул кезге чейин ачык жарыяланбаганын жакшы билет болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG