17-сентябрда Улуттук китепканананын “Оту өчпөгөн талант ордосу” поэзия кечесин өткөрөт. Ага Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү акындар жана жаш калемгерлердин катышаары күтүлүүдө. Бул туурасында аталаган китепкананын маалымат бөлүмүнүн башчысы Ажар Касымбекова билдирди.
19-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Чолпон жылдызы” эл аралык музыкалык сынагына тандоо туру өтөт. Талапка ылайык катышуучулар кеминде эки жыл чоң сахнада ырдоосу керек. Сынактын финалы 4-5-октябрда Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” этнографиялык комплексинде өтөт.
Бул жумада ырчы Мирбек Атабеков Орусиядагы кыргыз мекендештерге концерт тартуулайт. Ырчынын продюсери Канат Култаевдин билдиргенине караганда, алар Орусиянын бир катар шаарларын кыдырышат.
Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Кубанычбек Аманкожоевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда маркумдун 155 эмгеги көргөзмөгө коюлган. Анын ичинде пейзаж, портрет, этюддар бар.
Аалы Токомбаевдин үй музейинде маркумдун өмүр жолун чагылдырган экспозициялар жүрүүдө. Башкача айтканда Аалы Токомбаевдин үй музейине келген көрүүчүлөр маркумдун өмүр баяны, басып өткөн жолу тууралуу толук маалымат алышып, жазуучу жашаган учурдагы гезиттер, документтер жана кесиптештеринин сүрөттөрүн көрө алышат. Ошондой эле акындын эмгектери менен таанышышат.