Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

11-СЕНТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан кыргыздар Бедел ашуусун ашып, Кытай мамлекетине келип, 11-сентябрда мындагы черик уруусунун айылына орношушкан. 1935-жылдын 11-сентябрында айтылуу кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океев жарык дүйнөгө келген.

1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргызы Бедел ашуусун ашып, Кытай мамлекетине келишкен. 11-сентябрда алар мындагы черик уруусунун аыйлына орношушкан.

1916-жылкы көтөрүлүштөн жабыр тарткан орус кыштактарына жана жер которгон адамдарга империялык бийлик тарабынан жардам көрсөтүлө баштаган. Айрым адамдардын тартылган зыян көлөмүн көбөйтүп жазышы, 1916-жылдын 11-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугунда атайын иликтөө комиссиясынын түзүлүшүнө түрткү болгон.

Республиканын борбордук гезиттери 1928-жылдын 11-сентябрында Кыргызстнадын түштүгүндө май чыга турган өсүмдүк табылгандыгын жазып чыгышты. Жергиликтүү калк өсүмдүктү «максар» дешип, Бөксө Исфана волостунун эли анын данегинен пахта жана күнкарама майынан сапаты кыйла артык тамакка жарамдуу май алган.

Айтылуу кыргыз жазуучулары Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов даярдаган «Манас» эпосунун жаңы либреттосун Кыргыз өкмөтү тарабынан уюшулган атайын комиссия 1943-жылдын бу күнү бекиткен. «Манас» эпосунун либреттосуна, дастандын борбордук сюжети эсептелген Көкөтөйдүн Каркырадагы ашы негиз болгон. Андыктан либреттонун мазмунун терең үйрөнүү максатында Малдыбаев, Фере баштаган композиторлор Каркыра жайлоосуна аттанышкан.

Айтылуу кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океев 1935-жылдын 11-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Төлөмүш Океев Тоң районундагы Бөкөнбаев айлында төрөлүп, 1958-жылы Ленинград искусство жана маданият институтунун үноператор бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган.

1963-жылдан баштап «Аптап», «Биздин балалыктын асманы», «Кара мүртөз», «Кызыл алма», «Улан», «Ак барстын тукуму», «Махабат закымы» сыяктуу көөнөргүз кинотасмаларды тарткан. Анын советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал СССР эл артисти, 1972-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган.

Төлөмүш Океевдин чыгармачыл ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген.

Бул күнү 1773-жылы Бенджамин Франклин «Эч качан жакшы согуш же жаман тынчтык болгон эмес»,-деген учкул сөзүн жазып, 1790-жылы Суворов Измаил чебин алып, 1918-жылы Совет өлкөсүндө метрикалык чен-өлчөм киргизилип, 1973-жылы Чилиде генерал Пиночет баштаган аскерлердин төңкөрүшү жасалып,

2001-жылы Нью-Йорктогу эл аралык соода борбору жайгашкан кош небоскребдорду самолеттор жарып, 1816-жылы немец оптик-механиги Карл Фридрих Цейсс, 1845-жылы француз инженери, анын ысмы менен маалымат берүү ылдамдык өлчөмү аталган Жан Морис Эмиль Бодо, 1862-жылы америкалык жазуучу О. Генри, 1894-жылы советтик кинорежиссер Александр Довженко, 1900-жылы советтик авиаконструктор Семен Лавочкин, 1937-жылы советтик ырчы Иосиф Кобзон жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG