Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

ПАКИСТАНДА ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ КЫЗМАТЫНА КИРИШТИ


Пакистанда шейшемби күнү жогорку бийлик өкүлдөрү өлкөнүн жаңы президенти Асиф Али Зардариден ант алышты. Мамлекет башчылыгына аны өткөн ишемби күнү парламенттин эки палатасы жана төрт провинциянын депутаттары шайлашкан эле. Расмий түрдө кызматына киришип жатып, Зардари өз саясатынын башкы багыттарын белгиледи.

Ант алуу аземи президенттик сарайда өткөрүлдү. Жөрөлгөгө жогорку соттун төрагасы баш-көз болуп, өлкөнүн премьер-министри, эки палатанын спикерлери, өкмөт мүчөлөрү, провинциялардын губернаторлору, саясатчылар, чет элдик коноктор, алардын ичинде ооган президенти Хамид Карзай катышты. Алардын алдында Зардари Пакистанга берилип кызмат кылганга, өз милдетин таза, конституцияга ылайык аткарганга ант берди.

Ант берүү аземине оппозициялык фракциялардын жетекчилери, алардын ичинде экс-премьер Наваз Шариф катышкан жок. Ал эми салтанатка Карзайдын атайын келгенин байкоочулар эки өлкөнүн мамилелерин кайра куруп чыкканга Зардари кызыкдар экенин көрсөткөн ишаарага жорушту.

Өткөн аптада Пакистандын АКШдагы элчиси Хусейн Наггани Ооганстан коңшулаш, болгондо да боордош өлкө экенин белгилеп, эми үч тараптуу механизмдин – Пакистан, АКШ жана Ооганстан кызматташтыгы аркасында алакалар жакшыра тургандыгына ишендирген эле.

Элчи ошону менен бирге Пакистан баштагыдай эле АКШнын узак мезгилдүү жардамына муктаж болорун, анткени жаңы өкмөт террорго каршы күрөшүү боюнча өз милдеттенмесине берилген бойдон каларын да кошумчалаган.

Бирок Зардари президент катары чет элдик биринчи визит менен АКШга эмес, эмдиги аптада Кытайга барганы жатат. Исламабад кытайлыктардан ядролук материал алгысы келет жана анын аркасында энергетикалык кризисти чечүүнү каалайт. Пенжабда азыр кытайлыктардын көмөгү менен атомдук үчүнчү энергоблок курулууда. Анын үстүнө Зардаринин кайнатасы Зулфикар Али Бхуттонун тушунда Кытай менен Исламабад өз ара алака түзүп, үзүрлүү кызматташып турушкан. Зардари ошол салтты улантууну көздөйт.

Дегинкисинде Зардари азыркы ыкыбалы үчүн баарыдан мурда кайын журтуна, айрыкча маркум Беназир Бхуттого милдеткер. Саясий олимпке аны аялынын кадыры, тагыраагы, Беназирдин былтыркы кайгылуу өлүмү алып келди. Зардари өзү да “президенттик кызматты бейиши болгур Беназир Бхуттонун атынан кабыл алып жатканын” билдирди.

Бир кезде Беназирдин өкмөтүндө инвестиция министри болуп иштегени болбосо Зардари өмүрүндө “Мистер 10 пайыз” деген ылаңка атка конгондон, коррупционер катары он бир жыл түрмөгө кесилгенден башка жарыган деле аброй ашырган эмес.

Өткөн айда өлкөдөгү таасирдүү саясатчылардын бири, экс-премьер Наваз Шариф өзүнүн Мусулман лигасын Элдик партия менен түзүлгөн коалициядан чыгарып, Зардарини убадасына турбаганы үчүн айыптады. Эң ири эки партиянын бул аразы көптөрдү бейпайга салды. Саясатчылар өз ара кармашып, натыйжада өлкөнүн эң чоң экономикалык проблемалары баштагыдай эле чечилбей калат деген чочулоо калк арасында басымдуулук кылат.

XS
SM
MD
LG