Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

АЗЕРБАЙЖАНДА ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР САНЫ АЗАЙДЫ


Азербайжанда президенттикке талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны жыйырма бирден онго түштү. Анткен менен көпчүлүк бийликти атасынан өткөрүп алган азыркы президент Ильхам Алиев кайра шайланарынан дээрлик шек санашпайт. Азербайжанда шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Президенттикк талапкер болгусу келгендер мыйзам талап кылган 40 миң адамдын колун Борбордук шайлоо комиссиясына 6-сентябрга чейин тапшырышы керек эле. Адеп башында буга белсенген 21 адамдын алтоосу жарыштан чыгаарын ошол мөөнөткө чейин эле жарыялашты. Дагы бешөө талап кылынган колду жыйнай алган эмес. Марага жетпей калган бул топтун арасында саясатчылар менен бирге журналист, адабиятчы, мээрман айым, атүгүл эки жумушсуз да бар болчу.

Ал эми БШКга 40 миң адамдын колун тапшыра алган он адамдын ичинде азыркы президент Ильхам Алиевден тышкары, алты партиянын лидери, эки окумуштуу жана бир пенсионер жүрөт. Азыркыга чейин бийликтеги "Ени Азербайжан" партиясынын талапкери, азыркы президент Ильхам Алиев менен Үмүт партиясынын төрагасы Икбал Агазаде гана Борбордук шайлоо комиссиясынан расмий каттоодон өтүшү. Калгандары мыйзам талап кылган мөөнөт – 15 - сентябрга чейин катталары күтүлүүдө.

Анткен менен "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллердин айтымында, талапкерлер арасында оппозициянын белдүү өкүлдөрүнүн бири да жок. Алар шайлоого бойкот жарыялашкан:

-Мындай кырдаал 1998-жылдан бери биринчи ирээт орун алып олтурат. 1998-жылкы шайлоодо оппозициядан бир күчтүү талапкер, Азербайжан Улуттук көз карандысыздык партиясынан Этибар Мамедов чыккан. Ал эми 2003-жылы оппозициядан эки талапкер болгон. "Мусават" партиясынан Иса Гамбар жана кезинде президент Гейдар Алиевге кеңешчилик кылып, кийин анын саясаты менен келише албагандыктан, оппозицияга өткөн Лала –Шовкет Гаджиева.

Азыр болсо оппозициянын белгилүү, таасирлүү лидерлеринин баары биригип, шайлоону бойкотторун жарыялашты. Алар мындай кадамга шайлоо мыйзамынын адилетсиздигине, оппозиция шайлоо комиссияларына талаптагыдай санда киргизилбегенине, шайлоо адилет жана ачык өтөөрүн, оппозициянын талапкерлери да тең мүмкүнчүлүккө ээ болорун кепилдеген жөнөкөй да шарттын жоктугуна каршылык көргөзүү үчүн барып жатканын билдиришти.


Алдыдагы шайлоону бойкоттошорун июль-август айларында эле жарыялаган оппозициячыл манайдагы негизги жети партиянын бешөөсүнүн лидерлери мындай чечимин БШКга чогултулган колдорду тапшыруу мөөнөт аяктаардан бир күн мурда -5-сентябрда да ырасташты.

Айтор, бийликти атасынан өткөрүп алган президент Ильхам Алиевдин кайра шайланарынан азыр эч ким деле шектенбейт. Коомдук пикирди сурамжылоонун жакында жарыяланган жыйынтыктарына караганда, сурамжылоого тартылган 6 миң адамдын 78,3 пайызы Ильхам Алиев үчүн добуш берерин айтышкан. 2003-жылкы шайлодо ал добуштардын 76, 8 пайызын алган эле.

"Азаттыктын" Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллер кошумчалагандай, Азербайжанда оппозиция ар убак кысым жана куугунтук астында жүрүүгө аргасыз. Оппозиция лидерлеринин телеканалдарга чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү, оппозициячыл басылмалардын нускасы абдан эле аз. Андыктан алдыдагы шайлоого байланыштуу алардын электоратка кандай таасир көргөзө аларын айтуу кыйын. Бирок шайлоодо реалдуу тандоо болбогонуна нааразылангандар да чыгышы мүмкүн:

-Бул адамдардын жөн эле добуш бербей коюу мүмкүнчүлүгүн жаратууда. Азербайжанда шайлоонун жарактуу деп табылышы үчүн шайлоочулардын канча бир пайызынын катышуусун талап кылган жобо жок. Балким шайлоочулар реалдуу тандоо бологуна канаттанбаганын көргөзүү үчүн бюллетендерди жөн эле булгап салышы мүмкүн.

Ал эми шайлоого катышууга үмүттөнүп жаткан талапкерлер ортосундагы күрөш серепчи Лиз Фуллер белгилегендей, экинчи орун үчүн жүрчүдөй:

-15-октябрдагы шайлоонун жеңүүчүсү айныксыз экенине карабай, бул жерде экинчи орун үчүн айгышкан атаандаштык жүрөт. Ал орун 2013-жылкы шайлоо үчүн артыкчылык берет. Конституция боюнча азыр президент Алиевдин үчүнчү мөөнөткө баруусуна чек коюлган.

Анткен менен экинчи мөөнөткө шайланары күтүлүп жаткан азери президенти али элүүгө чыга элек. Жайында анын жакын кеңешчилерин бири Констициядан үчүнчү мөөнөт жөнүндөгү чектөөнү алып салуу идеясын тараткан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG