Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


“Шантел” тобунун солисткасы Гулзинат Суранчиева Орусиянын Сочи шаарында өткөн "Беш жылдыз" эл аралык сынагына катышып, конкурстун байгесине ээ болуп кайтты. Бул сынакка КМШнын 15 өлкөсүнөн өнөрпоздор катышкан.

Европанын тогуз режиссеру Орусияда өтүүчү 6-антропологиялык фильмдердин фестивалына катышат. Аталган маданий иш-чара 21-сентябрдан тарта 26-сентябрга чейин өтөт. Маалыматтарга караганда фестивалдын программасында 2006-2008—жылдары тартылган 23 фильм көрсөтүлөт.

Ушул күндөрү Санкт-Петербург шаарында Москвадагы “Ленком” театрынын гастролу өтүүдө. Теат актерлору “Миллионерлердин шаары”, “Үйлөнүү үлпөтү”, “Баардыгы төлөнгөн” жана башка ушул сыяктуу оюндарды тартуулашууда. “Ленком” театрынын оюндары 29-сентябрга чейин созулаары күтүлүүдө. Санкт-Петербургдан кайтып келгенден кийин артистер Фридрих Дюренматтын пьесасына коюлган “Айымдын сапары” аттуу спектаклдин премьерасын өткөрүүнү пландаштырууда. Болгар режиссеру Александр Морфов сахналаштырган бул оюнда башкы ролдорду артисттер Мария Миронова, Александр Лазарев жана Андрей Соколовдор ойношот.

Ушул күндөрү Москвада графикалык иштердин сегизинчи “Алтын чаян” көргөзмөсү өтүүдө. Ага 40 өлкөнүн 400 дөн ашык кыл калем чеберлери катышууда. Маалыматтарга караганда, көргөзмөдө 700дөн ашуун эмгек коюлган. Иш-чара 12-сентябрда жыйынтыкталып, сыйлыктар бөлүштүрүлөт.

Португалияда бул жумада белгилүү сүрөтчү Пикассонун чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда кыл калем чеберинин дүйнөгө белгилүү эмгектери коюлган. Бул көргөзмөдөн ошондой эле Пикассонун шакирттеринин да чыгармаларын көрүүгө болот.

Ал эми Москвадагы Третьяков галлереясында Федор Матвеевдин “Италияга саякат” аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Федор Матвеев орус көркөм өнөр чөйрөтсүндө пейзаж мектебинин негиздөөчүсү катары саналат. Айрым кыл калем чеберлеринин айтуусунда, ал өз мекенине караганда Европада бир топ белгилүү болгон. Ошондой эле өмүрүнүн көбүн Италияда өткөргөн.

(Cүрөттө - “Шантел” тобунун ырчысы Гулзинат Суранчиева )
XS
SM
MD
LG