Аталган топ буга чейин Европанын бир катар шаарларында, Жапонияда, Англияда, Корея, Кытайда өнөрлөрүн тартуулашкан. Кээ бир мамлекеттерде эки айлап, үч айлап концерт берген учурлары болгон. Бакыт Шатеновдун айтуусунда чет элдик музыка күйөрмандары кыргыз музыкаларын жан дили менен кабыл алышат.
- Абдан жакшы кабыл алышат, анткени аларга биздин улуттук маданият аябай башкача таасир берет. Биринчи көрүп аткан адамга аябай эле кызыктуу көрүнөт. Биздин ыр-күүлөрдү угуп, сиңип калганда сахнанын артына келип чогуу ырдашкан да учурлар болот.
Бакыт Шатеновдун сөзүн улай топтун дагы бир аткаруучусу Тинатин Мамбеталиева “Чет өлкөгө болгон ар бир сапарыбыз бизге жакшы таасирлерди алып келет. Бирок ошону менен бирге көңүл оорутуп, ойлондура турган жактары да бар”, дейт.
-Четтен үйгө кайтып келгенде орусча айтканда депрессияга түшөм. Анкени кайсы чет өлкөгө барбайлы, жакшы кабыл алышат. Ошондон кийин ойго батасың, эмне себептен биздин кыргыз көрүүчүлөрү анчейин көңүл бурушпайт деп.
“Ордо сахна” фольклордук тобунун түзүлгөндүгүнө тогуз жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында топ үч компакт диск чыгарган. Эми алдыда төтүнчү ыр альбомду чыгарууну көздөп жатышканын топтун жетекчиси Чолпон Жапарова. “Кайберен” аттуу бул ыр жыйнактын бет ачаар аземи “Ордо сахна” фольклордук тобунун он жылдык мааракесинде болмокчу. Ал мааракеге арналган чоң программадагы концерт келерки жылдын февраль айына пландаштырылууда.