Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

8:00 Бүгүн Чүй облустук соту укук коргоочу Максим Кулешовдун ишин карайт


“Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюму тараткан билдирүүдө айтылгандай эки ай мурун Токмок шаардык соту Максим Кулешовду коомдук тартипти бузгандыгы үчүн, деген айып менен административдик жазага жана он күндүк мөөнөткө абакка кескен. Сот чечимине нааразы болгон укук коргоочу аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен Чүй облустук сотуна кайрылган. “Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюму Токмоктогу адам укугу боюнча ресурстук борбор менен бирге үстүбүздөгү жылдын май жана июнь айларында “Президенттин кетишине жардамдаш” жана “Биздин эркиндигибизди ала албайсың” деген аталышта нааразылык чарасын өткөргөн. Анда мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин кызматынан чегинүүсүн талап кылган жарандардан кол чогултуу акциясы жүргүзүлгөн. Бул иш-чараны жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлери мыйзамга баш ийбөөчүлүк жана коомдук тартипти бузуучулук катары айыпташкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG