Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

“АЛИБИ” ГЕЗИТИНИН МҮЛКҮ КАМАККА АЛЫНДЫ


"Алиби" гезитинин башкы редакторунун орун басары Рыскелди Момбеков Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соттун сот аткаруучулары гезитке тиешелүү мүлктүн баарын кечээ (бейшембиде) камакка алышканын "Азаттык үналгысына" кабарлады. Сот он күндүн ичинде президенттин бир тууганынын баласы Асылбек Салиевдин эсебине бир миллион сомду өз ыктыяры менен которуп коюу тууралуу токтом чыгарган. Укук коргоочулар "Алиби" жана "Де Факто" эркин гезиттерине каршы соңку сот жараяндарын өлкөдөгү басма сөз эркиндигине каршы кысым катары баалашууда.

Бишкек шаардык соту 18-июлда “Алиби” гезитине байланыштуу ишти карап, Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бирок иш каралып жатканда гезит жетекчилери чакырылбай, сот жараяны жабык өткөн.

Рыскелди Момбековдун билдиришинче, “Алибинин” мүлкү камакка алынып жатканда гезит жетекчилери иш сапар менен башка облустарда болушкан жана соттун чечими тууралуу аларга учурунда айтылган эмес.

Момбеков мырза он күндүн ичинде бир миллион сом жыйноого убакыт чукул экенин, гезитти сактап калуу үчүн эртеңден (ишембиден) тарта жер-жерлерде марафон өткөрүүгө камданып жатышканын билдирди.

Асылбек Салиев "Алиби" гезитин адам өмүрүн алган жол кырсыгына өзүнүн тийешеси бардыгы тууралуу жоромол камтылган макаланы жарыялагандыгы үчүн өз керт башынын кадыр-баркын коргоп сотко берген.

Ушул тапта дагы бир кыргызстандык эркин гезит - "Де Факто" гезити бийлик өкүлдөрүнүн жана алардын жакындарынын арызына ылайык сот жообуна тартылууда.

Кыргызстандагы жана эл аралык укук коргоочулар бул соңку окуяларга өз тынчсыздануусун билдирип, өлкөдө 2005-жылкы элдик ыңкылаптан кийин басма сөз эркиндиги жаатында кыйла жогорку тепкичке көтөрүлгөн жеңип алуулар кайра олуттуу сыноого учурап жатканын белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG