Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

М.КАРАТАЕВ: САЛАМАТТЫКТЫ САКТООДОГУ КӨРСӨТКҮЧТӨР ЖАКШЫ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Ар жыл сайын июль айынын ар бир биринчи жекшембиси медицина кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет. Бул күнгө карата Саламаттык сактоодогу жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу Саламаттыкты сактоо минитстринин орун басары Мадамин Каратаев “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата кандай иш чараларды өткөрүү пландаштырылып жатат, алгач ушуга токтоло кетсеңиз?

- Мүмкүнчүлүк менен пайдаланып, бүт Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чын ден-соолук, иштеринде ийгилик каалап кетмекчимин. Бүгүн саат ондо Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чоң жыйын болот. Бул жерде президент Курманбек Бакиев, өкмөттүн жетекчилери КР медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, андан кийин жарлык боюнча эмгек сиңирген врач, эң алдыңкы врачтарды сыйлык менен сыйлайт. Андан тышкары бүгүн Тез жардам машиналары, ГАВИ программасы боюнча келген “Нива” машиналары, шаардын мэриясынан бөлүнгөн машиналар мекемелерге бүгүн берилет:

- Президент медицина кызматкерлеринин айпым кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ак халатчандарга көңүл кесиптик майрамга карата бурулгандай. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Биринчиден, бул туура. Себеби, жыл сайын биринчи жекшемби медициналык кызматкерлердин күнү. Андан тышкары кээ бир убакта мисалы 8-мартка карата, эгемендик күнгө карата анча-мынча эмгеги сиңген кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлаган учурлар болуп атат. Мен ойлойм бул дагы болсо мамлекеттин, президентибиздин медицина кызматкерлерине болгон карата болгон көңүлү, мамилеси, алардын эмгегин жогору баалагандык.

- Башкача айтканда расмий бийлик тарабынан жетиштүү эле көңүл бурулуп жаткан турбайбы?

- Жетиштүү эле көңүл бурулуп атат. Ар дайым айтып келебиз, маянанын аздыгы, мамлекет мүмкүнчүлүккө жараша маяна жыл сайын көтөрүлүп атат. Жалаң эле медицина кызматкерлеринде эмес, мугалимдерде, башка сфераларда дагы маяна аз болуп атат.

- Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл саламаттык сактоо тармагында кандай жетишкендиктер болду? Жыл башында коюлган максаттардын канчасы орундалды?

- Биз азыр жыл боюнча жыйынтык келтиргенге эрте. Кудайга шүгүр саламаттыкты сактоодогу көрсөткүчтөр азырынча кичине жакшы. Кээ бир маселелер боюнча көңгөйлүү маселелер бар. Бирок негизги көрсөткүчтөрдү айта турган болсом, балдардын туулганын өсүшү, өлүмдүн азайышы, жалпы калктын санынын өсүшү, башка көрсөткүчтөр Кудайга шүгүр жакшы эле. Тенденция ушуну азайтыш боюнча аракеттерди жасап атабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG