Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

4-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын 4-июлунда Самарканд областына караштуу Хожент шаарында падышалык Россиянын колониалдык аймактардын калкын согушка мобилизациялоо туурасындагы жардыгына каршы козголоң чыккан.1927-жылдын 4-июлунда Ош жана Жалалабад кантондорунда жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу туурасында Декрет кабыл алынды.

Самарканд областына караштуу Хожент шаарында 1916-жылдын 4-июлунда падышалык Россиянын колониалдык аймактардын калкын согушка мобилизациялоо туурасындагы жардыгына каршы козголоң чыккан. Хожент козголоңу Орто Азиядагы жергиликтүү калктын падышалык бийликке каршы улуттук боштондук кыймылынын башталышына түрткү болгон жана ал кийин Кыргызстан аймагына да жайылган.

Түркстан АССР Элдик комиссарлар Кеңеши 1924-жылы кыргыз жеткинчектери үчүн Пишпекте мектеп-интернат ачуу туурасында чечим кабыл алган. Мындан тышкаары Жети суу областында европалык калк өкүлдөрү үчүн үлгүлүү 6 мектеп, кыргыздарга деп 23 мектеп, 7-уйгур, 2-дунган мектеби ачылган.

Бүткүлсоюздук борбордук аткаруу комитети 1927-жылдын 4-июлунда Кыргыз АССРиндеги Ош жана Жалалабад кантондорунда жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу туурасында Декрет кабыл алды.

Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссары менен абадан коргонуу начальниктери биргелешип 1941-жылдын бу күнү Кыргызстан аймагын абадан коргоо туурасындагы № 1-буйругун кабыл алышты. Күч органдарынын буйругуна ылайык, Фрунзе аймагы германдык авиация кол салчу объектиси деп табылып, шаардык тургундар, т. а. 18ден 50 жашка чейинки аялдар, 16дан 60 жашка чейинки эркектер коргоо үчүн мобилизацияга алынчу катмар деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев менен Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзян Цзэминь 1996-жылдын 4-июлунда кыргыз-кытай ммалекеттик чекаралары туурасындагы келишимге кол коюшту. Бедел ашуусунун батыш тарабындагы Үзөңгү кууш тилкеси Келишимге эки мамлекет ортосундагы кийин каралчу маанилүү маселе категориясы менен киргизилген.

Бу күнү, 1631-жылы Парижде дүйнөдө биринчи жолу ишке орнотуу агенттиги ачылып, 1776-жылы АКШ эгемендик алып, 1916-жылы биирнчи аба согушу өтүп, 1807-жылы айтылуу италиялык саясий ишмер Жузеппе Гарибальди жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG