- Учурда Монголияда болуп жаткан кырдаалга кандай баа бересиз?
- Согуш бүткөндөн кийин, Советтер Союзу тарагандан кийин Монголия жөнүндө эч кабар угулбай калды. Монголия абдан жакыр өлкөлөрдүн бирине айланып баратат, акыбал абдан оор. Булар демократиянын жолун тандап алышып, демократиялык мамлекет курабыз деген маанайда болгону менен баягы мурунку социалисттик мамлекеттеринин көбүндөй болуп эле коммунисттик партиялардын таасири ошол бойдон калып калган.
- Элдин нааразылык билдирип чыгып жатканынан улам, калктын аң сезими өзгөрдү десек болобу?
- Элдин аң сезими өзгөрдү деп айтсак болот. Демократияны колдогон адамдар көп. Себеби, булар жакырчылыктан чыккандын бир жолу деп демократиянын жолу менен өнүгүү деп эсептешет. Анан кийин элдин шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгонун катуу колдоп, массалык тополоңдордун болуп кетишинин себебинин бири дагы ушундан болду деп эсептесек болот.
- Кыргызстанда да парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин да өлкөдө нааразылык акциялары күч алып, абал курчуп кетпеди беле. Монголия менен Кыргызстандагы кырдаалды алып караганда, кандай окшоштуктар бар?
- Монголиядагы бүгүнкү этапты 2005-жылы өтүп кеттик. Бизде дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл жоогазык революциясын жасап жибербедикпи. Азыр Монголиядагы кырдаалды кээ бир талдоочулар сөксөөл революциясы деп атаганга аракет кылып атышат. Мунун аяк жагы сөксөөл революциясы менен бүтөр, бүтпөсү күмөн. Себеби азыр акыбал бир аз тынчтанып калды. Бирок күч өтө катуу колдонулуп кетти. ММКлар жабылып атат. Көз карандысыз маалымат кажаттары жабылып калгандан кийин акыбал кандай болуп атканы билинбей, бир беткей маалыматтар болуп калып атат.
- Монголиянын президенти шайлоодо катачылыктар бар экенин мойнуна алып, элди сабырдуулукка чакырды. Эми окуя кандай жаатта өнүгүшү мүмкүн?
- Демократиялык күчтөрдү эл колдоого алып аткандан кийин, бул жердин бир жакшы жолу бар, шайлоолордун жыйынтыгын жараксыз деп жарыялап туруп, кайра шайлоо өткөрсө бул акыбал тезирээк тынчыйт. Болбосо бул нааразычылык уланып, башаламандык болуп кетиши мүмкүн. Күч колдонуп, убактылуу тынчыганы менен бул маселе кийин деле рецидив болуп чыга берет. Ошон үчүн ушул жерден кандай жыйынтыкка келет ошого жараша болот. Бул жерден байкоочулар шайлоо жакшы эле өттү деп аткан. Байкоочуларга билдирбей деле жасап койсо болот экендин дагы бир далили болуп атат ушул.
- Маегиңизге ырахмат.