Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

23-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1919-жылдын бу күнү Пишпек уезддик элдик депутаттар Советинин аткаруу комитетинде шаардагы кароосуз балдарды багуу маселеси каралды. 23-июнда дүйнөлүк коомчулук Эларалык Олимпида күнүн белгилешет. Тарых барактарына сереп салып, ободо Муратбек Кожобеков.

1917-жылдын 23-июнунда Пишпектин аскерге жөнөтүү пунктунда жоокерлердин коогалаңы чыгып, алар фронтко баруудан баш тартышкан. Алар согуштун уланышына каршы экендигин билдиришип, аскер башчылары менен ачык каршылыкка барып, ал түгүл аларга кол кайрыганга чейин жетишкен.

1919-жылдын бу күнү Пишпек уезддик элдик депутаттар Советинин аткаруу комитетинде шаардагы кароосуз балдарды багуу маселеси каралды. Көйгөйлүү маселени коммунисттер фракциясы көтөрүшүп, алардын демилгеси менен кароосуз балдар жайынын абалы оор экендиги, санитардык талаптар сакталбагандыгы белгиленди. Жыйында кароосуз балдарды көпөс Хихурдун үйүнө жайгаштыруу жана өспүрүмдөргө сапаттуу сүт берүү чечим чыгарылды.

1929-жылдын 23-июнунда Кыросавиахим биримдиги борбор шаардын Эмен паркында элдик көңүл ачуу майрамын уюштурду. Көңүл ачууга эмгек коллективдери жана шаар тургундары тартылышып, андан чогулган акча каражаты «Кызыл Кыргызстан» самолетунун курулушуна жумшалган.

1937-жылы Кыргызстанды биринчи жолу жашы 100дөн ашкан адамдар такталган. Расмий билдирүүлөргө ылайык андай адамдардын саны 30дан ашык деп айтылып, алардын арасынан жашы улуу адам катары Ысыккөл районунда жашаган 115 жаштагы Анна Субичева тааанылган.

1948-жылы мурдагы Ключевой, азыркы Манас жана илгерки Новоташкенская, азыркы Ташкент көчөлөрүнүн аралыгында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту, бүгүнкү Кыргыз улуттук университетине караштуу Ботаникалык бак ачылгандыгы белгилүү болду. Мында бир жыл ичинде гектарлаган жер өздөштүрүлүп, миңдеген декоративдик бак отургузулган. 1970-жылы фрунзелик архитектор жана археологдор Талас өрөөнүндөгү «Манас күмбөзүнүн» реставрациясын соңуна чыгарышты. Реставрация менен бирдикте мында археологиялык казуулар жүргүзүлүп, күмбөзгө тиешелүү маалыматтар топтолгон.


23-июнда дүйнөлүк коомчулук Эларалык Олимпида күнүн белгилешет.

Бу күнү 1868-жылы печаттоо машинкага патент берилип, 1894-жылы Англия королу Эдуард VIII, 1889-жылы улуу акын Анна Ахматова жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG