Дүйнөлүк адабият айдыңында чолпон жылдыздай жанган Чыңгыз Айтматовдун Алманияда көз жумганы тууралуу суук кабар элеттиктердин сай-сөөгүн сыздатып, муун-жуунун титиретти. Облуска таанымал төкмө акын Рахматулла Козукеев союздук парламентке депутат, орошон жазуучу Чыңгыз Айтматов Аксы районундагы Кызылжар өрөөнүнө келгенде саламдашып ырдап чыгып, ак батасын алган. Кийинки ирет эл жазуучунун чакырыгы менен сүрөткө түшүп, жазуучулар кеңешине мүчө болгондо тагдыр аны Чыке менен үчүнчү ирет жолуктурган. Дүйнөгө чыйыр салган улуу жазуучу 80 жылдык юбилейи өткөнчө аман туруп, а кокус Түркия коомчулугу сунуш кылган Нобелдин адабий сыйлыгын жеңип алса, арман болбос эле деп үшкүрөт Рахматулла Козукеев:
- Кызылжар деген айылга депутат болуп калдыңыз, тез-тез келип туруңуз, Чыке,десем, ордунан туруп ак батасын берди эле. Кыргыз элине белгилүү акын бол, элди аралап жүр, таңдайыңдан тары куруган акын бол, чоң акындардын арбагы колдосун деп ак батасын берди эле. Сел алганда депутат катары жерди көргөнү келген экен, ошондо астынан тосуп ырдасам, ушул бакырайган жигит ушуну менен үчүнчү жолу мени менен учурашып саламдашып ырдайт, экөөбүз сүрөткө түшүп коелучу деп, кучакташып сүрөткө түштүк эле. Ырымда да айтып жүрөм, Чыңгыз Алатоо кыргыз элинен дүйнөгө чири салып чыккан инсан эле, кыргыздын чыныгы накта чолпон жылдызы эле. Эң кайгылуусу 80 жылдык мааракеси Чыңгыз Айтматов жылы деп белгиленип, ушул жылы жакшы өтсө, кыргыз эли күтүп жүргөн Нобель сыйлыгына быйыл көзү барында жетип калат беле. Тагдыр чиркин, арабыздан кетти, эми жаткан жери жайлуу болсун. Алатоодой эмгек жасап кетти, унутпайбыз.
Облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов жогорку окуу жайын аяктаарда дипломдук ишин Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы менен коргогон. Гезитте иштегенде андан интервью алган. Шум ажал колдон сууруп кеткен теңдеши жок жазуучуга байланыштуу облуста дагы бир иш чара үзгүлтүккө учурады. Карасартовдун айтымында улуттук жазуучулар кеңеши менен анын облустук бөлүмү, жергиликтүү бийлик отузунчу жылдары атасы Төрөкул Айтматов башкарган обулуска Чыңгыз агайды чакырып, адабий-маданий салтанат курмак болушкан. Апасы Нагима эненин аты Жалалабаттын борбордук көчөсүнө коюлганы менен ал чоң демилгенин демин катуу оору суутуп койду:
- Ошолордун бардыгына өзү келип жолугуп кетейин деген ниети бар болчу. Быйыл биз 80 жылдыгына карата деп аракет кылып аттык эле. Чыңгыз Айтматовдун руху, духу бийик, аурасы чоң жазуучу эле. Денеси кеткени менен анын руху, духу биздин элдин көпкө чейин алдыга жетелей турган окуялардан болуп кала берет. Айла жок, ичибиз ачышып атат.
Базаркоргон районунан Мукарам Муктарканова эженин айтымында, кыргызды Чыңгыздан, Чыңгызды кыргыздан бөлүп кароо мүмкүн эмес:
- Быйылкы жыл биз үчүн Чыңгыздын жылы болгон жылы Чыңгыз Айтматовдун өтүп кеткендиги кыргыз эли үчүн өтө кайгылуу, өтө ойго салып койгондугуна бүт эл, өзүм дагы өкүнөм.
Айтматовдун көз жумуусу менен өлкө искусствосу - адабияты жана маданияты, театр коомчулугун ааламга тааныткан алп адамдан ажырады. Ушундай көз карашта болгон республиканын эмгек сиңирген артисти Аскар Арыкбаев 1985-жылы Оштогу кыргыз драма театрында ойногон «Бетме-бет» пьесасындагы Ысмайылдын образы - эркектер арасындагы мыкты роль деп табылган. Ал Чыңгыздын дүйнө салганына бир жагынан кабыргасы кайышып турса, aалам тагдырын бүткүл чыгармасында талдап, келечек үчүн ак жашап, адал кызмат кылган Айтматовдук кейипкерлерди сахнада жаратканы үчүн өзүн бактылуу эсептейт. Кийин «Кош бол, Гүлсары!» спектаклинде Танабай менен Гүлсарынын ролун аткарган Аскарга Айтматов алакан чаап, куттуктаган. Жалалабаттагы Барпы театрында ал жакында Чыңгыздын чоң атасынын элесин тирилтти:
- Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун көз жумганы чоң жоготуу болду. Жаш актер болсом дагы мага ишеним көрсөтүп, ошол ролду берген.