Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

КАНАДАЛЫК КОМПАНИЯ КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮН ЭЛАРАЛЫК СОТКО БЕРЕТ


“Центерра Голд Инк.” компаниясы кыргыз өкмөтүн эларалык сотко бере тургандыгын жарыя кылды. Антишке компания менен кыргыз өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августунда кол коюлган ортолук келишимдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/02/B7494440-71A1-4886-9A1B-872C2DDA7408.asp эмдигиче парламент тарабынан бекитилбегени, Кыргызстандын Жогорку сотунун 2003-жылдын аягындагы келишимди убактылуу токтотуп коюшу себеп болгон.

2007-жылдын 30-августунда кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы келишимдердин мурдагы-азыркы парламент тарабынан жактырылбай келиши акыйкатта да биртоп суроолорду жаратып келатат.

2007-жылы канадалык ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн кыргыз өкмөтү түзгөн жумушчу топтун жетекчиси Акылбек Жапаровдун айтуусунда, сүйлөшүүлөр учурунда канадалыктар эки ирет эларалык арбитраждык сотко кайрылышкан болчу.

- Биринчиси - бийик тоо коэффициенти, экинчиси - жер салыгы боюнча Эларалык сотко беришкен. Биздин кыргыз сотторунун өзүнчө бөлөк чечимдери бар болчу. Ошондуктан кайсы суроолор боюнча алар эларалык сотко кайрылганын биле албай олтурам. Анткени сиздердей эле мен деле интернеттен окудум.

А.Жапаров эларалык арбитраждык сот кыйла убакты-саатты ала турганын маалымдап, андан Кыргызстандын утуп чыгышы кыйын экендигин ырастады. Анын пикиринде, өткөн жылкы келишимдерде Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктары колдон келишинче сакталган.

- 2003-жылга карата 19% ашуун акцияны бизге өткөрүп бергиле дегенбиз. Ошондо эгер парламент бекитип бергенде жалпы жонунан бүгүнкү күндө бизде 30%дан ашуун акцияларыбыз болмок. Ошондо акциялардын баасы 1 миллиард 2 миллион доллардын тегерегинде болуп турган.

“Кыргызалтын“ акционердик коомунун жетекчи орунбасары Максат Жээналиев “Центерра Голд Инк.” компаниясы эларалык арбитраждык сотко кайрылгандыгын кыргыз өкмөтүнө кабарлай электигин билдирди.

- Бирок быйыл К.Исабековдун арызына макул болбой жатышат. Бул эми бизге келген маалыматтар. К.Исабековдун аракети менен жер салыгы өндүрүлүп алынбадыбы. Бийик тоо шартындагы эмгек акы боюнча да өндүрүп алышпадыбы. Ушулар боюнча алар көбүрөөк нааразы болушкандай көрүнгөн.

“Кумтөр” алтын кен компаниясынын коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин эларалык арбитраждык сотто каралчу иш “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы маселе катары мүнөздөйт.

- Мен сизге түшүндүрүп коеюн. Бул “Центерра” менен кыргыз өкмөтүнүн, “Камеко” менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы маселе. Биз, “Кумтөр Оперейтинг” компаниясы, алтын казуу менен алекпиз.

Өткөн жылы мурдагы парламентте кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы келишимдер кенен бир ай талкууланып, бирок чечим кабыл алынган эмес.

Ал ортодо үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеш маалынан эрте таркатылып, чукул парламенттик шайлоо жалаң партиялык тизме боюнча жүргөн.

Бийлик партиясы көпчүлүктү түзгөн жаңы парламентте деле өткөн жылкы келишимдердин жактырылышы арасат калууда. Оболу апрель айынын соңуна, андан кийин июнга чейин келишимдерди Жогорку Кеңештен өткөрүү белгиленген.

И.Чудиновдун өкмөтү дагы бир жумушчу топту түзүп, анын башчылыгына өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстары министри Сапарбек Балкыбековду дайындаган. Жумушчу топ мурдагы келишим шарттарын кайрадан карап чыгуу сунушун билдирип, бирок да ага канадалык компания макулдугун бере элек болчу. Кыязы, ортодогу талаш эларалык арбитраждык сотто териштирилет окшоп калды. Анын жыйынтыгында Кыргызстан канадалык компанияга төлөмөр болуп калабы же ишти ага жеткирбей тараптар ортодогу маселени мунасага келип чечүүгө жетише алабы – бул да өзүнчө чоң суроо.

XS
SM
MD
LG