Кыштын жылдагыдан катаал болгонунан улам электрге болгон муктаждык чоң болуп, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли азайып кеткенин айтышкан бийлик өкүлдөрү, кышка чейин электрди өлкө боюнча маал-маалы менен өчүрүү жолу менен суу сактагычты толтуруу чарасын көрө баштады. Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү менен саясатчылар мындай жагдай электр тармагын башкарган чиновниктердин жөндөмсүздүгүнөн улам болгонун айтышып, суу сактагычтагы суунун азайышына жол берген чиновниктер жазаланышы керектигин талап кылышууда.
Бишкек шаарынын тургуну Манас Эшенкуловдун пикиринде, Борбор Азия чөлкөмүндөгү сууга, электр энергиясына бай Кыргызстанда өкмөттүн бул тармакты алгылыктуу башкара албай жатканынан улам борбор калаада дагы электр жарыгы өчө баштады:
- Региондордо гана эмес биздин борбор шаарыбызда да электр жарыгынын өчүп атканы бир чети күлкү келерлик болсо, бир жагынан абдан кейиштүү маселе. Негизи Кыргызстан Борбор Азияда жайгашкан мамлекеттердин арасынан сууга эң байы, энергетикалык мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Бул тармакты жакшы башкарышса, Кыргызстан бизди эле эмес бүтүндөй Борбор Азияны 100 пайыз электр менен камсыз кыла алмак.
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин айтымында, бүгүнкү күнү элди электрди үнөмдөгөндү үйрөтүүгө да да мезгил келип жетти. Түзүлгөн абалдан электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү жолу менен гана чыгууга болорун айткан министрдин орун басары, “көп жерлерде түн ичинде деле электр жарыгын тамызып коюп коромжу кылышууда”,- дейт:
- Азыр айылдарга барсаңар күндүзү деле свет күйүп турат. Эч ким өчүрбөйт, үнөмдөгөндү билишпейт. Азыр график боюнча энерго компаниялар айылдарды, райондорду кезек менен өчүрүп атышат. Кала берсе түнкү он бирден кийин электр жарыгы кереги жок болсо деле өчүрбөй, күйгүзүп коюшат. Биздин психологиябыз көнүп калган. Ошондуктан азыр түн ичинде светти өчүрүп атканыбыз дагы электрди үнөмдөп атат.
Оппозициядагы саясатчылар мындай көрүнүштү бийликтин алсыздыгы, башкарууга жөндөмсүздүгү менен байланыштырышып, “өлкөнүн гүлдөп өсүшүн камсыздай турган тармакты чиновниктер талап-тоноп бүткөндөн кийин сатууга кам урушту”, - дешет.
“Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, бүгүнкү бийлик эч ким менен эсептешпей туруп бардыгын сатып жиберүүгө камынып калды деген ойдо:
- Мына Токтогул каскадындагы ГЭСтер менен улуттук электр тармагынын өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзам жокко чыгарылып атат. Бул деген алар толук түрдө сатылып кетиши мүмкүн дегенди билдирет. Менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамга кээ бир объектилер Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле өкмөт тарабынан сатылып кетиши мүмкүн деген жобо киргизилип атат. Бул өкмөттүн ниети түз эместигин көрсөтүп турат.
Кыргыз өкмөтү Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын биргеликте колдонууда айрым бир маселелер бар экендигин айтышып, аны чукул арада чечпесе региондо экологиялык кырсык болуп кетиши мүмкүн дешет. Мисалы, быйыл Токтогул суу сактагычына кышка чейин суу толтуруп алуу үчүн андан чыккан сууну жабууга туура келет. Бул өз кезегинде Казакстан, Өзбекстандагы бир топ айдоо жерлер суусуз калат дегенди билдирет. “Ошол себептүү Кыргызстанда дагы бир канча чоң ГЭСтердин курулганы Кыргызстан үчүн эле эмес, коңшу өлкөлөр үчүн да абдан маанилүү”, - дейт премьер-министр Игорь Чудинов.