Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:08

19:16 Бүгүн Аксы району менен Өзбекстандын Чартак районунун акимдери жолугушту


Аксынын акими Аскарбек Алиев өзбекстандык кесиптеши Азамжан Султанов менен учурашты. Жолугушуу маалында коңшулаш райондордун калкынын тынчтыгын сактоо, чегара жана суу, мал уурулук менен экологиялык коопсуздукту сактоо маселеси талкууланды. Эки райондун дыйканчылыгына зор коркунуч келтирип жаткан марокколук чегирткелерди жок кылуунун жол-жоболору да ортого коюлду. “Чектеш райондордун акимдери ушул багыттарда биргелешип иштөө үчүн өз ара штаб түзүүнү чечтик”, - деди Аскарбек Алиев 16-апрелде. Анын айтымында, Аксы району 131 чакырым аралыкта Өзбекстандын төрт району менен чектешет. Мал уурулук эки райондо тең жок эмес. Райондун Дерес айылы электр жарыгын Өзбекстандын Уйчи районунан алат. Буга дейре айылдыктар өзбестандыктарга жол, суу, электр жарыгы жагынан көз каранды экендигин жана чегарада ар кандай кокустуктар болуп, адашып кеткен аксылык тургундарды өзбек чегарачылары кармап алып чоң айып пул төлөтүп, анан кое беришкенин билдиришкен. (YA)

XS
SM
MD
LG