Элдик курултайды өткөрүүгө бийлик тарабынан кандай гана тоскоолдуктар болбосун, «Акыйкат үчүн» кыймылы курултайды өткөрүү максатынан кайтпайт, деп билдирди Коомдук парламенттин тең төрагасы Абдыганы Эркебаев.
-Мен кандай гана болбосун Элдик курултайды өткөрүүдөн кайтпайм. Бирок ошону тынч бир коомдук жайда, чыр-чатагы жок пикир айткан, эркин сүйлөй турган жер болушу керек. Мен ошого аракет кылам.
Координациялык кеңештин 24-марттагы отурумунда аталган кеңештин айрым мүчөлөрү өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, президент Курманбек Бакиев чет өлкөдө эс алууда жүргөндө анын милдетин убактылуу ким аткарып жаткандыгын тактоо жана коомчулукта мамлекет башчысынын айланасындагы ар кандай кептерге кыймылдын баа берүүсүн, көз карашын билдирүү сунушталды.
Ошондой эле Бишкек шаар бийлиги Элдик курултайды филармонияда же спорт сарайында өткөрүүгө каршы болгондугу айтылып, эгерде шаардан жыйын өткөрүүгө жай берилбесе «Ата бейит» комплексинде өткөрүү маселеси көтөрүлдү.
Отурумда Элдик курултайдын резолюциясын, жаштардын абийир кодексин даярдоо, коопсуздук менен камсыз кылуу, курултайда сөз сүйлөй тургандардын жана катышуучулардын тизмесин тактоо каралды. Аталган кеңештин мүчөсү Асия Сасыкбаева Элдик курултайга делегаттар бардыгы өздөрүнүн каражаттары менен келишерин, мындай чоң иш-чараны толук каржылоого «Акыйкат үчүн» кыймылынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин айтты.
-Биз биринчиден ар бир делегаттын келип-кетишин, тамак-ашын, жатакана менен камсыз кылууну толук каржылай албайбыз. Ага мүмкүнчүлүгүбүз жок. Аларды каржылоого өзүбүздүн каалообуз да жок.Эгерде курултайга келем деген адамдын патриоттук сезими болуп келсе мейли. Өзү каражат таап келиши керек. Чындыгында эле Кыргызстандын келечегине күйүп, өлкөнү жакшы жолго алып чыгалык деген ой-тилектери болсо анда алар өздөрү келишет.
Асия Сасыкбаева белгилегендей Элдик курултайга өлкө аймагынан эки миңге чукул делегаттын келиши күтүлүүдө.
Ушул эле күнү «Акыйкат үчүн» кыймылынын мүчөлөрү Ысыккөл облусунун Каракол шаарында жыйын өткөрүшүп, элдик курултайга делегаттарды шайлап, Каркыра жайлоосундагы талаш жерлерди, көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга бербөө тууралуу чечим кабыл алышып, кайрылууну президентке жана Жогорку Кеңешке жолдошту.
Адилет министри Марат Кайыпов болсо Элдик курултай акыркы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык Конституциялык орган болуп саналарын, бирок курултай кайсы учурда, кайсы маселелер боюнча, кайсы жерде өткөрүлүшү, алардын чечкен маселеси кандай күчкө ээ жана башка ушул өңдүү эреже-тартиби боюнча мыйзам кабыл алынбагандыгын билдирди.
-Тилкекке каршы ушул убакытка чейин Элдик курултайды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө мыйзам кабыл алына элек. Конституциялык орган болгондон кийин сөзсүз түрдө бул жөнүндө мыйзам кабыл алынышы керек дагы, тартиби аныкталышы керек. Андан кийин курултай өткөзгөнгө толук кандуу жол ачылат,-деди Марат Кайыпов.