Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

БИШКЕКТЕ ЖАШ САЯСАТЧЫЛАР “САЯСИЙ ЗООПАРК” ДЕГЕН АКЦИЯ ӨТКӨРҮШТҮ


“Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин алдында 17-мартта “Саясий зоопарк” деген акция өткөрүштү. Аларды Биринчи май райондук милиция кызматкерлери кармап кетип административдик айып такты. Ошондой эле “Ар намыс” партиясынын жаш канаты "Абийир" коомдук декларациясын президент баш болгон мамлекеттик кызматкерлерге жолдоду. Ал эми “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын кечээги күнкү отурумунда Коомдук парламенттин күн тартиби жана Элдик курултайды уюштуруу маселеси каралды.

«Мен ишенбейм» кыймылынын жыйырмага чукул мүчөсү кечээ түштөн кийин Жогорку Кеңештин алдында «Саясий зоопарк» деген акция өткөрүштү.
Алар колдоруна « Апаппак жолдогу койлорго салам жолдойбуз», «Бул айтылгандардын баары ойдон чыгарылган, кандайдыр бир окшоштуктар болсо, ал кокусунан” деген жазууларды колдоруна кармап, баштарына койдун, кочкордун, буканын башы тартылган сүрөттөрдү тагып алышкан. Бул көрүнүштү аталган кыймылдын мүчөсү Гүлшайыр Абдырасулова төмөндөгүчө чечмеледи.

-Мына шайлоо бүткөнүнө үч ай өтсө дагы БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Бул бийликтин өзүм билемдиги. Бүгүнкү акция Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын жүрүм турумдарын, саясий көз караштарын, иштеген иштерин көрсөтүү үчүн уюштурулду. Бул – гротеск депутаттардын күзгүсү. Ошондой эле өлкөдөгү келечеги жок «сокур» саясатты көргөзөлү дедик.

Жыйырмага чукул жаш саясатчылар азыркы саясий айдыңда болуп жаткан окуяларды келекелеп, театрлаштырылган оюн аркылуу көрсөтүү максаты менен келишкенин билдиришти. Алар он минутадан ашыгыраак Жогорку Кеңештин алдында турушуп, андан соң «Ата Мекен» партиясынын кеңсээсине баратышканда артынан милиция кызматкерлери барышып, күч менен он чактысын кармап кетишти.

Милициялардын мыйзамсыз иш аракетин айткан «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовду да тартип коргоо кызматкерлери күч менен салып кетишти.

Окуяга жеринде күбө болуп арачы түшкөн «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев милициялардын бул аракетин мыйзамсыз деп эсептейт.

-Башка жерден эмес так ушул “Ата Мекен” партиясынын кеңсээсинен келип милициялар күч менен алып кетип атышат. Муну биз мыйзамсыз деп эсептейбиз. Партиянын жазгы мыйзамдуу иш чараларынын алдындагы бийликтин кысым көрсөтүү аракети. Бүгүнкү бийликтин бизге жасаган чабуулу катары баа беребиз.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талант Шатманов болсо «Мен ишенбейм» кыймылынын мүчөлөрү мыйзамдын чегинде кармалды дейт.

-Булардын бүгүн парламенттин алдына чыкканы мыйзамсыз. Бишкек шаардык депутаттардын токтому бар. Ошонун эрежесин колдонбой мыйзамды бузуп атышат,-дедиТалант Шатманов.

Биринчи май райондук милиция бөлүмү Бакыт Калпетовду эки саатка чукул кармап, андан соң кое беришти. Ал эми «Мен ишенбейм» кыймылынын тогуз мүчөсүн кечке маал Биринчи май райондук сотуна алып келишип Административдик кодекстин 371 жана 392-беренелери боюнча мыйзамга жана милицияга баш ийген жок, нааразылык акцияларды өткөрүү эрежесин бузган делип айып тагылды. Биринчи май райсоту кыймылдын алты мүчөсүнүн ишин бүгүн шейшембиде карайт. Ал эми үчөөнүн иши шаршембиде карала турган болду.

Ушул эле күнү “Ар намыс” партиясынын жаш канаты маалымат жыйынын өткөрүп, "Абийир" коомдук декларациясын президент баш болгон мамлекеттик кызматкерлерге жолдоп, өз каалоолору менен кол коюп берүүсүн өтүнүштү. Декларацияда мамлекеттик каражатты кымырып алуунун кылмыштуу жол-жобосун жоюуу, кызматка пара алып, тууган-уруктарын дайындоо өнөкөтүн токтотуу, президенттин жеке басар саясатын чыңдоо принциби өлкөгө туура келбестиги жана башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

“Акыйкат үчүн” координациялык кеңешинин отурумунда 19-мартта өтө турган Коомдук парламенттин күн тартиби жана 29-марттагы Элдик курултайды уюштуруу маселелери каралды. Аталган кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов Элдик курултайды өткөрүүгө расмий бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан бут тосуулар болуп жатканын белгиледи. Ал ошондой Элдик курултайды Спорт сарайында, филармонияда же опера жана балет театрында өткөрүүгө уруксат сурап президенттин администрациясына, премьер-министрге жана Бишкек шаар башчысына кат жолдонгонун билдирди. Анын айтымында, бийлик баш мыйзамдын 23-беренесин эске албай, Элдик курултайды өткөрүүгө тоскоолдугун уланта берсе, мамлекетте саясий кырдаал мындан да курчуп кетиши толук ыктымал.

Адилет министри Марат Кайыпов болсо Элдик курултай өткөзүү тартиби боюнча мыйзам кабыл алына электигин, бул боюнча парламентте мыйзам кабыл алынгандан кийин курултай өткөрүүгө жол ачыларын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG