“Аалам” гезити А.Бекназаров түзгөн революциялык комитетке “Эркиндик” партиясынын башчысы Т.Тургуналиев келип кошулду деп атышканын, бирок бийлигин чыңдап алган Бакиев аны оңой-олтоң эле бере койбостугун, керек болсо курал алып Акүйдү коргорун, чет элдик байкоочулар да кокус бирдеме болсо кан төгүлүп кетет деп айтып келатышканын, анткен менен ревкомго “атамекенчилер” толук өткөнүн, эми ага Байболов, Сариев, Кулов, Атамбаев өтсө бийликке бир топ оор болуп каларын кабарлады.
“Жаңы ордо” гезити Бишкек шаар башчысы Д.Үсөнов шаардын салыкчылары менен каржы комитетининдегилердин ишине нааразы болуп үстөлүн койгулаганын, бир топ кызматкелерине сөгүш берип, айрымын иштен айдаганын, эсеп палатасынын эсеби боюнча эски депутаттар 2005-жылы-52,8 млн., 2006-жылы-38,1 млн., 2007-жылы- 69 млн. сомду белгилеген өлчөмдөн ашыкча сарптап салганын, ушул акчанын 67 миллиону эле “бечара” депутаттарга материалдык жардам катары берилгенин шардана кылды.
“Заман Кыргызстан” гезити Жалал-Абадда жаңгак уюлун уурдоо дале токтобой келатканын, мурунку жылы 540 жаңгак уюлу, өткөн жылы 48 уюл уурдалса, быйыл Авлетим, Орток, Үрүмбаш, Кара Алма, Кызыл Үңкүр токой чарбаларында карагай, жаңгак уурулугу дале уланып жатканын билдирди.
“Новый Кыргызстан” гезити Юстиция министри Марат Кайыповдун ар бир жаранга өзүн жана өз жакындарын коргоого мүмкүндүк берүү керек, жарандардын курал алып жүрүүсүн мыйзамдаштыруу керек деп Жогорку Кеңешке көтөрүп келген сунушуна кайрылып, анысын “Саламатсызбы, пистолет байке” деп атап, бир катар адамдардын ой-пикирине орун берди. ИИМдин орунбасары Т.Субанов, ар бир адамга курал берилбеш керек, берилсе бирин-бири атып таштайт, ал эми өзүн-өзү коргоо үчүн газбаллондорун колдонуу жетиштүү болот десе, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия төрагасы Т.Жумагулов элди куралдандырууга каршы экендигин айтат. Көз карандысыз аскер аналитиги Л.Бондарец: "Мылтык деген мылтык. Ал эртедир-кечтир атылбай койбойт, куралданган мектеп окуучулары Америкада эмне кылып атат? Эгер бул мыйзам өтүп кетчү болсо жарандар каалаган куралын сатып алып каалагандай аткылаша берсе болот",- деген пикирин билдирди.
“Адилет” укук коргоо борборунун жетекчиси Ч.Жакупова, министрдин бул сунушунан кийин мамлекет өз жарандарын коргой албай калды деген түшүнүк пайда болорун, анткени коргой албай калганын өз министри аркылуу ушинтип моюнга алып жатканын, мына ушул өңдүү акыл менен ойлонулбай киргизилген сунуштардын кесепети зордук-зомбулукту огобетер күчөтөрүн, ансыз деле биз аты башка болгону менен заты бандиттик мамлекетте жашап жатканыбызды айтты.
“Агым” гезити И.Чудинов түшкөн учак ичинен мушташкандар ТИМ кызматкерлери экенин, Үсөн Сыдыков менен жакында түштүктүн кадыр-барктуу аксакалдары маек куруп Акүйдөн кетип калышын талап кылышканын, Акүйдүн таасирдүү адамына айлана албай калганы жанына батып, арызын жазган Үсөн аке анысын ажонун колуна кармата элегин, бирок оппозиция жээгинен өз ордун аныктап, куйругун түйгөнгө даяр болуп калганын каңкуулап калышканын, алтын чатагына байланыштуу кылмыш ишин козгогону менен Танаевди орус бийлиги кыргыздарга “ме-гой” деп эле кармата койбостугун, убагында Герман Кузнецов, Борис Силаев, Виктор Носов өңдүүлөрдүн канчасы былыгы чыккан менен былтыйган кыгына куурай саялбай кала бергенибизди кеп кылды. Гезит ошондой эле УТРК чатагына макала арнап, "уят эле иш болду. Президенттин абийрине көлөкө түшүргөн айрым акүйчү чиновниктер менен кээ бир “катта” кишилер Эшимкановду эңшералбай убара. Бийликтин формасы сырттан караганда сопсонун көрүнөт. Менчик парламент, менчик өкмөт, өйдө карабаган аким, губернатор. Ал эми ичи сасып, ирип баратканы тууралуу ар кандай аңыз кептер бар. Ошондон улам Бекешовдун Эшимкановду кетирбесеңер кезерип өлөм деген батылдыгынын артында кимдир бирөөнүн башы тургансыйт. Болбосо өткөндө Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов айткандай Жогорку Сот имаратын ороп-чулгап алгандарды таратканга прокуратура, милийса, коопсуздук комитети басып келбей коюп, анан К.Осмонов эптеп президентке өзү кирип чыккандан кийин имарат бир саатка жетпей бошотулганын, бүгүнкү УТРКдагы окуя да ушуга окшоштугун, кызыгы Кыргызстандын эгемен тарыхында мамлекеттик бийликтин штатта жок “отдел кадрлары” пайда болгонун, ошол эргулдар ушундай иштерди жүргүзүп, чалмакей чалып келатканын" баяндады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ