Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

БОЛОТ ЖАНУЗАКОВ: Т. БАКИР УУЛУНУН АЙТКАНДАРЫ КАЛП СӨЗ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек “Таңкы Азаттыктын” түз ободогу маектеши коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков болду.

-Болот мырза, өткөндө парламентте акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “1999-жылы Баткен окуясы учурунда согушкерлердин барымтасынан жапон геологдорун бошотууга жапон тарап берген 2 жарым миллион долларды Болот Жанузаков менен Мисир Аширкулов баш болгон чиновниктер бөлүп алган”, - деп айтып чыкты. Бул окуянын чоо-жайын өзүңүздөн уксак.

-Чындыгында, ошол Турсунбай Бакир уулунун Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүн мен уккан дагы, көргөн дагы эмесмин. Мага эртеси күнү журналисттер телефон чалып, кабарлашты. Ошондон бери бир таң калып, мындай адамдын жүрөгүн оюп, эмнеге капаландырууда деген ойдомун. Турсунбай Бакир уулунун айткандары чындыкка жакындабаган калп сөз. “Эмне үчүн бул сөздөрдү айтып жатат?” деп кээде ойлоп кетем. Менин оюмча, Турсунбай Бакир уулунун бул айткан сөзү ушу “мен дагы бир нерсени билем, мен дагы ошол кезде бир нерсеге жарагам” деп өзүн-өзү эл алдында бир мындай жогорку деңгээлде көрсөтүш үчүн аракет кылып айткан сөзүнүн бири. Ички дүйнөсүнүн, көз карашынын деңгээлине жараша болду.

-Ошол убакта Турсунбай Бакир уулу барымтадагыларды бошотконго түздөн-түз кийилигиштим эле, ал эми акча тарабын болсо чиновниктер ич ара жок кылып коюшту деген оюн айтып жатат. Буга кандай карайсыз?

-Бул дагы ошол Турсунбай Бакир уулунун өзүн эл алдында жогору көрсөтөйүн деген сөзү. Ырас, Турсунбай Бакир уулу ошол түштүктөгү коогалаңдын кезинде, “бир топ кишилерди жакшы таанычу элем, мен барып келейин” деген, себеби ошол бандиттик топтордун каяктан экени, ким экени билинип калган кези болчу. Алардын эл аралык террорчулуктун бандиттик топтордун экенин биз билип, алардын түп-тамыры тетиги Ооганстанда жатканын билгенден кийин Турсунбай Бакир уулу “мен барып келейин” деген. Биз макул болгонбуз. Элдик дипломатия катары ошол жерге барып, өзүңдү бил деп. Бирок ага расмий түрүндө эч бир тапшырма дагы, сөз дагы берилген эмес.

-Болот мырза, Турсунбай Бакир уулу дагы бир маалымат боюнча Кыргызстандын тиешелүү кызматтары туура эмес берген маалыматтан Алайдагы Каратейит айылына Өзбекстандын аба учактары бомба таштаган дейт. “Ага дагы ошол кездеги жооптуу кызматкерлер жооп бериши керек эле” деди. Сиз ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы катары бул окуянын чоо-жайын учурунда иликтесеңиз керек эле...

-Бул дагы ошол Турсунбай Бакир уулунун өзүнүн “мен билем” деген сөзүнон келип чыкканы. Ырас, жалаң гана Каратейит эмес, ошол кезде Өзбекстандын согуш аба күчтөрүнүн туура эмес, тескери жаңылыштык кылганынан Тажикстандагы Хайит деген айыл дагы бомбаланган. Ырас, ошондой терроризмдин бандиттик топторуна каршы күрөштө Өзбекстандын согуш күчтөру дагы катышканы баардыгыбызга белгилүү эмеспи. Чындыгында ошондой келишим болгон экен. Бирок баягы өзүңүздөр билесиздер, баштапкы маалымдоо Куралдуу күчтөрүбүздүн мажестиги билинип калбадыбы. Дегеле кыргыз мамлекети бейкутчулукта, меймандостукта өзүнүн коңшуларына көз артпаган, кенен болгондуктан биз бейкапар жашап калган экенбиз.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG