Өткөн жылдын 25-ноябрында “Темир” деп аталган Кыргызстандын мамлекеттик ишканасы 45 тонна металл-ломду Ирандын Түркмөнстан менен чектешкен Саракс стансасына жөнөтөт. Казакстандын аймагы аркылуу тоскоолдукка учурабай, оңой-олтоң өткөн бул состав эмнегедир өзбек чегарачылары тарабынан кармалат да, кыргыз тараптан жөнөтүлгөн жүктө радиациясынын деңгээли өтө жогору “Цезий-137” деп аталган коркунучтуу радиоактивдүү заттын табылганы ачыкка чыгып, ызы-чуу тутанат деп баяндаган “Дело №...” гезити ошол эле убакта бул чуулуу ишке тиешеси бар деген “Темир” ишканасы ак да , көк да дебей келатканын, ал ортодо Батыш массалык маалымат каражаттары улам бир кабар таратып киргенин, маселен перс тилиндеги “Фардо” радиосу “Кыргызстандан жүктөлгөн “Цезий” түздөн түз Иранга жөнөтүлгөн” деп жар салса, мунун артынан эле француз гезити “Фигаро” “Иран радиоактивдүү заттарды сатып алуу боюнча шектелүүдө” деген баштема алдындагы макаласында, “биз бул боюнча толук маалымат берүүнү талап кылдык, бирок Кыргызстан эмне себептен радиоактивдүү затка байланышкан окуя 10 күн кечиктирилип жарыя болгонуна жооп бербей жатат, сыягы кыргыз бийлиги дүйнөгө ядролук куралдар менен ага байланышкан радиоактивдүү заттарды таркатпоо боюнча МАГАТЭ менен кызматташууга кызыкпайт окшобойбу”, деп жазды деп баяндады.
“Алиби” гезити “Кезек оппозициядан мусулмандарга өттүбү?” деген темага кайрылып, “Ала Тоо аянтына айт намазы окулбасын дегенге кандай карайсыз?”,- деп окурмандарына суроо салган. Эркин журналист Жаныбек Жанызак, мамлекет башындагылар мурдатан эле аянтка айт намазына жыгылганга уруксат бербей койсо болмок, бергенден кийин эми ылайыктуу жай таап бериши керек. 92-93-жылы Тажикстанда ушундай намазга жыгылган жерден чыккан чыр акыры 3-4 жылдык согуш менен аяктаган. Ушундай чыр чыгып кетиши мүмкүн десе, Кыргызстандын муфтийи Мураталы Жуманов, аянтта окулган намаз мамлекетибиздин демократиялык жүзүн көргөзөт жана мамлекетибизге тынччылык алып келет деп эсептейм деп айтты. Ал эми саясат илиминин доктору Жолборс Жоробеков, экстремисттер чатак чыгарат деп чочулабай деле койсо болмок. Керек болсо башка мамлекеттердин президенттериндей болуп Бакиев да элге кошулуп, намазга жыгылат деген ойдомун, деп жооп берди.
“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити болсо катуу суукка байланыштуу январь айында Токтогул ГЭСиндеги суу көп чыгымдалып, ушу тапта суунун суу сактагычтагы көлөмү 9,3 миллиард кубометрди түзөрүн, бул өткөн жылдын ушул айына салыштырганда 4 миллиард кубометр сууга аз экендигин, Кыргызстанга поликристаллдык кремний өндүрүшүн кайра калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн Жапон ишкерлери келгенин, Кыргызстандын Түштүгүндө опурталдуу деген аймактардан башка жактарга көчүрүүгө Ош облусу боюнча 317 үйбүлө, Жалал Абаддан 217 үйбүлө, Баткенден 25 үйбүлө, Ош шаарынан 11 үйбүлө муктаж экендигин, азыркы учурда жер көчөт деген коркунучтуу аймактарда 396 элдүү пункт барын, анда 40 миңден ашуун адам жашап турарын кабарлады. Гезит мындан тышкары “Саясат экинчи планда калды” деген тема алдында саясат иликтөөчү Нур Омаров менен баарлашкан. Н.Омаров мырза өлкөнүн ички турмушу турукташууда, бирок бул деген экономикалык проблемалар өзүнөн өзү чечиле баштады дегенди түшүндүрбөйт, Аларды чечүү азыркы бийликтин бекемдиги менен легитимдүүлүгүнө көп жагынан байланыштуу болот. Ушу тапта Кыргызстан менин байкоомдо билинбестен өз алдынчалыгын жоготуп бараткансып сезилет, формалдуу түрдө биз өз алдынча мамлекетпиз, ал эми иш жүзүндө сырткы күчтөрдүн болуп көрбөгөндөй кысымы алдында жашап жатабыз деп айтса, көз карандысыз сяасатчы Марс Сариев, кандай болгон күндө да Бакиевдин эркектигине баа берүү керек.Ал мурдагы президенттен айырмаланып бүтүндөй жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Ал мага Казакстан, Орусия жана Өзбекстан менен көшөгө артында бир бүтүмгө келгендей сезилет. Муну Тажикстан сунуш кылган суу-энергетикалык консорциумга Кыргызстандын кол койгондон баштартканынан эле байкоого болот. Анткени ал келишимге Кыргызстандын кол койбогону так ошол Казакстан менен Өзбекстандын, андан барып Орусиянын кызыкчылыгына дал келип жатпайбы деп айтты.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ