Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:35

БХУТТОНУН ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООГО КАТЫШААРЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Пакистанда бийликтеги партия январдын башына белгиленген парламенттик шайлоо оппозиция лидери Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшүнөн улам башка мөөнөткө жылдырылышы керек деп билдирди. Анын аралыгында, Бхуттонун Элдик партиясы жаңы жетекчиликти шайлап, партия шайлоого катыша тургандыгын айтты. Оппозициялык дагы бир партия шайлоого бойкот жарыялоого чакырып жатат.

Бийликтеги Пакистан Мусулмандар Лигасы – Кайд-и Азам (PML-Q) партиясынын өкүлү Тарык Азим эгерде парламенттик шайлоо мурда белгиленген күнү - 8-январда өтсө, шайлоо калк тарабынан терс бааланып калышы ыктымал деди. Франс Пресс агенттигине берген маегинде, Азим “шайлоо он эки аптага кечеңделе турса, шайлоо өнөктүгү реалдуу болор эле”,-деди. Тарык Азим өз партиясы шайлоо өнөктүгү үчүн ыңгайлуу кырдаал болбой жаткандыгына байланыштуу, аны токтото туруу чечимин кабыл алганын билдирди.

Тарык Азимдин айтымында, шайлоо мөөнөтүн башка убакытка жылдыруу Бхуттонун Элдик партиясына уюштуруу чараларын жүргүзүп алуусу үчүн көбүрөк мүмкүнчүлүк түзөт.

Анын аралыгында, Элдик партия парламенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыялады. Жекшемби күнү өлкө түштүгүндөгү Наудеро шаарында Элдик партиянын курултайында, Беназир Бхуттонун уулу 19-жаштагы Билавал партия төрагасы, анын атасы Асиф Али Зардари болсо, теңтөрага болуп шайланды. Курултайдан кийин Билавал Зардари журналисттерге буларды айтты:

Элдик партиянын бардык төрагалары сыяктуу эле, мен дагы федерациянын символу катары туруп бермекчимин. Демократия үчүн партиянын узак мөөнөткө созулган жана тарыхый күрөшү жаңы күч-кубат менен улантылат. Мен ошондой эле, федерациянын туруктуулугу үчүн күрөшкө берилген бойдон калам. Менин апам “демократия –өч алуунун эң жакшы жолу”,-деп айтчу.

Дагы бир оппозициялык Пакистан Мусулман лигасы – “Н” партиясы (PML - N) эгерде Элдик партия шайлоого катыша турган болсо, шайлоого бойкот жарыялоо тууралуу өздөрүнүн мурдагы чечимин кайра карап чыга турганын билдирди.

27-декабрда Беназир Бхуттонун жанкечти жардырган бомбанын айынан набыт болушу өлкөдө бир катар нааразылык иш-аракеттерин тутандырып, анын натыйжасында бир нече адам набыт болуп, дүкөндөр тонолуп, имараттар өрттөлгөн.

Бир катар оппозиция мүчөлөрү Беназир Бхуттонун коопсуздугуна жетишерлик көңүл бурулган эмес деп президент Первез Мушаррафты айыптап келет. Исламабаддын тургуну Насим Биби айым дагы Бхуттонун өлүмү үчүн өкмөт күнөөлүү деген пикирде:

Бхуттонун өлүмү өкмөт жана атайын кызматтардын эле колунан келди, башкалардын буга тиешеси жок. Беназир абдан жөндөмдүү айым болчу. Биз аны жөндөмдүү инсан жоктоп жатабыз. Ал эне болчу. Мушарраф мына ушуну унутпашы керек эле. Мушаррафка уят эле болду!

Нааразылык митингдери өткөн ар кыл вилайеттердин тургундары мындай чаралар саясий турмушта эч нерсе өзгөртө албаганын, тескерисинче, баш аламандыктарды уюштургандар жакыр адамдардын жашоосун ого бетер татаалдаштырганын айтышты. Карачи шаарындагы жеке компаниянын биринде иштеген Хайдер Аббас буларды айтат:

Көпчүлүк үйбүлөлөр ун жана суусуз отуруп калды. Күнүмдүк жашоосуна эптеп акча тапкан бир топ тону жука адамдар ишсиз калды. Биз ушундай каржалган көпчүлүктүн бирибиз.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясы бүгүн (31-декабрда) шайлоо алдындагы кырдаалды талкуулоо үчүн чогулары күтүлүүдө. АКШ жана Батыш өлкөлөрү президент Первез Мушаррафты демократиялык шайлоо өткөрүүгө чакырып келет. Генерал Мушарраф 1999-жылы бийликти өз карамагындагы аскерге таянып, күч менен басып алган.

XS
SM
MD
LG