Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:33

ИРАН АКШ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДӨН БАШ ТАРТТЫ


Иран АКШ менен тикелей сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун кабыл алган жок. Бул үчүн Тегеран адегенде Вашингтондон өзүнүн Иранга байланыштуу жаңылыш саясатынан баш тартышын талап кылды. Өткөн аптанын этегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Иран уран байытканын токтотсо Вашингтон Тегеран менен тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө даяр экенин билдирген эле.

Вашингтондогу маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Иран Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин талаптарын аткарышы керектигин, ушундай шартта Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн АКШ качпай турганын айткан эле. “Мурдагы сөзүмдү улантып айтайын: эгер Иран Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы талап кылган бир ишти аткарса – уран байытканын токтотсо, анда мен тегерандык министр менен каерде жана качан болбосун жолугушканга, ар кандай теманы талкуулаганга даярмын”,- деген эле Райс.

Дүйшөмбү күнү Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки америкалык мамкатчынын сөзүнө жооп кайтарган билдирүү жасады. Тегеран ири алдыда Вашингтондон өзүнүн Иранга байланыштуу саясатын өзгөрткөнүн иш жүзүндө далилдөөнү талап кылат, деп айтты Моттаки. Иран министри Тегерандын атомдук курал жасоо программасы бир нече жыл мурда токтотулганын ырастаган америкалык чалгындоо органдарынын докладынан кийин Вашингтондо тикелей сүйлөшүүлөр туурасында сөздөр чыга баштаганын эске салды. Муну Моттаки Ирандын региондогу жана дүйнөдөгү маанилүү ролун түшүнгөндүктүн белгисине жоруду. Ошол эле учурда ал Вашингтонду жүйөөсүз айыптоолорду айтып, аткарылгыс шарттарды коюп жатканы үчүн сынга алды. АКШ адегенде өзүнүн Иранга байланыштуу жаңылыш саясатын оңдошу керек, өз ара урматташуу аркылуу гана эки тараптуу мамилелерди өзгөртүүгө болот, Тегеран ушуга ишенет, деп айтты Моттаки.

Вашингтон менен Ирандын мамилелери оңолсо, бул Ирактагы кырдаалга да шарапатын тийгизмек. Бул өлкөдө кооп-козголоңдун басаңдап баратканына Тегерандын таасири болгонун АКШнын Багдаддагы элчиси Райан Крокер абайланып болсо да моюнга алды. Быйыл августта имам Муктада ас-Садрды алты айга жарашуу процессин жарыялоого Иран көндүргөн деген маалыматтар бар. Имам бул режимди февралдан кийин да узартканы жатат дешет. “Эгер мунун баары ырас болсо,анда бу жакшы”,- деп айтты Крокер журналисттерге. Ошол эле учурда ал ирандыктардын Ирактагы мындан кийинки кадамдары кандай болорун так аныкташ кыйын экенин да жашырбады.

Ирактагы абалга байланыштуу америкалыктар менен ирандыктар быйыл майда Багдадда биринчи ирет элчилер деңгээлинде сүйлөшүүлөр өткөрүшкөн. Андан соң үч тараптуу комиссия түзүшкөн,анын кезектеги кеңешмеси 18-декабрга пландалган эле. Ошо күнү мамлекеттик катчы күтүүсүздөн Иракка келип, кеңешме болбой калган.Жаңы жолугушуунун датасын азыр тараптар макулдашып жатат.

XS
SM
MD
LG