“Мен ишенбейм” деген аталыштагы жаштардын каршылык акциясы бир канча мүнөткө гана созулду. Колдоруна “Мен ишенбейм” деген жазууларды көтөрүшкөн жаштар БШКнын алдына чогула баштаганда милиция кызмат керлери келип, нааразы болгондорду дароо автоунаага салып кетишти. Алардын айрымдары эки-үч ооз сөз айтканга да үлгүрүштү:
- Милиция алып кетебиз десе, алып кете беришсин. Бул бизди коркутпайт, кийин деле чыга беребиз. Эгер алар үчүн мыйзам иштебесе биз үчүн иштейт. Биз мыйзам боюнча чыгып атабыз, конституциялык укуктарыбызды коргоп атабыз. Баш мыйзамдын 25-беренесинде бардыгы жазылган. Ал эми мэрдин токтому жөн гана мыйзам астындагы акт. Аны Данияр Үсөнов үйүнө алып барып, дубалына илип алсын.
- Коркпойбуз биз. Биздин аркабызда жаштар турат. Чыга бе...
Тартип сакчылары жаштар менен укук коргоочулардын кармалышын уруксат берилбеген жерге, атайын органдардын уруксатысыз иш-чара уюштурушкандыктары менен байланыштырышууда. Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов мындай дейт:
- Булардыкы уруксаты жок митингге чыккандыгына байланыштуу деген эле маселе. Анан бизге каалагандай эле чыгып атышат, ошол себептүү чара көргүлө деп атышат. Ошондуктан, чара көрүп аларды ал жактан алып кетишке туура келген.
“Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, милиция кызматкерлери жаштар менен укук коргоочуларды эч кандай түшүндүрүүсүз, зордук менен салып кетишкен:
- Жаштардан кийин Төлөйканды, мени, Турдубаеваны бул жакка сүйрөп алып келишти. Менден жада калса паспортумду сурашкан жок. Машинеге салып, сүйрөп жөнөштү.
Дале Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кармалып турушкан акциянын катышуучулары сот аркылуу гана бошотулмакчы. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтуусу боюнча, милиция кармалгандарга орой мамиле кылыууда. “Биз каршылыгыбызды уланта беребиз, бирок качан бошой турганыбызды билбейбиз”,- дейт укук коргоочу:
- Үсөнов мырза мунусу үчүн Кылмыш кодексинин 308-беренеси боюнча эки жылга чейин эркинен ажыратылышы керек. Бүгүнкү күнү милиция адамдардын саясий жана жарандык укуктарын мыкаачылык менен алып атат. Бизден азыр түшүнүк кат алып атышат. Сотко алып барышат. Биз сот аркылуу гана чыгабыз.