Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

5-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


СССР Верховный Советининин 1936-жылдын 5-декабрында Чукул чакырылган VIII съездинде Кыргыз АССРи союздук республика статусун алды. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 2002-жылдын 5-декабрда иш сапар менен Кыргызстанга келди.

Түркстан аскер округунун командачысы К. П. Кауфман 1875-жылдын 5-декабрында Россия империясынын аскер министрине кайрылуу жолдогон. Кайрылууда Кокон хандыгында жапайы башаламан кырдаал жаралгандыгы кабарланат. Анын айтымында, буга чейин хандыкка каршы күрөшкөн кыргыздар менен кыпчактар, эми империялык бийликке каршы чыгууга белсенип жатат. Аны алдын алыш үчүн К. П. Кауфман кыргыздар менен кыпчактарга каршы жазалоочу экспедиция жүргүзүүнү сунуш кылат.

СССР Верховный Советининин 1936-жылдын 5-декабрында Чукул чакырылган VIII съездинде Кыргыз АССРи союздук республика болуп өзгөртүлүп, анын мамлекеттик саясий статусу жогорулады.
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин төрагалыгына-Баялы Исакеев, партия борбордук комитет төрагалыгына-Абдукадыр Орозбеков, республикалык комитеттин жооптуу катчылыгына-Морис Белоцкий дайындалган.

1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы бекитилген. Адистердин айтымында конституция союздук саясатка ылайыкташтырылып жазылганы менен ал өз алдынча мамлекеттик башкаруу салттын калыптанышына, укуктук бийликтин кыртыш алышына жана улуттук кадрлардын мамлекетчил нукта тарбия алып жетишишине зор салым кошкон. Конституцияда каралган коомдун саясий-экономикалык өнүгүү багытына ылайык Кыргызстан көчмөн турмуштан агрардык-индустриялык мамлекет денгээлине көтөрүлө алган.

2002-жылдын 5-декабрда Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин иш сапар менен Кыргызстанга келди. Адегенде, Владимир Путинди Кыргызстан президенти Аскар Акаев кабыл алып, өлкө жетекчилери жекеме-жеке жолугушту. Андан соң кеңири курамдагы биргелешкен сүйлөшүүлөр жүрүп, тогуз пунтктан турган «Бишкек декларациясына» кол коюлду. «Бишкек декларациясына» ылайык Кыргызстандын Россия мамлекетине болгон тышкы карызын төлөө 20 жылга узартылды.

Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Иванов 2002-жылдын бу күнү Кант шаарындагы аскердик аба майданына келип, мында орун алган аскерлердин абалы менен таанышты. Андан соң аба майданында россиялык Су-27 жана Су-25 самолетторунун учуш сынагына көрсөтүлдү.

Бу күнү, 1936-жылы СССР Конституциясы кабыл алынып, 1946-жылы Нью-Йорк шаары Бириккен Улуттар Уюму жайгаша турган жер катары белгиленип, 1803-жылы улуу орус акыны Федор Тютчев, 1820-жылы орус акыны Афанасий Фет, 1868-жылы немец физиги Арнольд Зоммерфельд, 1879-жылы америкалык авиаконструктор Клайд Сессна, 1901-жылы атактуу америкалык мультипликатор Уолт Диссней, 1901-жылы немец физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Вернер Гейзенберг жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG