Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

АКЫЛБЕК САРИЕВ: БШК МҮЧӨЛӨРҮ КУУРЧАКТАРДАЙ БАШКАРЫЛЫП КАЛДЫК


“Азаттыктын” таңкы маектеши БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев болду. Ал айрым партияларга карата БШК зөөкүрлүк менен чечим чыгарганын, акыркы кездерде БШК мүчөлөрү каалаган жакка башкарса боло турган куурчактарга айланып калганын айтып берди.

- БШКнын парламенттик шайлоого саясий партияларды каттоо учурунда бийликчил партияга келгенде мыйзам ийкемдүү иштеп, бир катар партияларга келгенде техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам эле каттоодон өткөрбөй койду деген пикирлер айтылууда. Мунун чоо жайына кыскача токтоло кетсеңиз?

- Мен силерге толук кошулам. Анткени акыркы саясий партиялардын тизмесин каттоодо көрсөтүлүп калды. Себеби, радио угуучуларга түшүнүктүү болуш үчүн мен салыштырма иретинде айтып кетейин, акыркы катоодо “Мекен”(“Родина”) жана “Ак жол” саясий партиялар туура келип калды. Мисалы “Мекен” (Родина) саясий партиядан биздин мүчөлөр департамент визовой службанын каты менен 16 жарандын граждандыгы белгисиз деген катынын негизинде эле силер граждан эмес экенсиңер деген чечим менен 16 кишини жокко чыгарып койду. Тилекке каршы алардын арасында жалпы кыргыз эли билген Медетбеков Шамшибек деген кочкорлук жигит бар. Ал өзү убагында Жогорку Кеңештин депутаты, банкта иштеген, СНБнын да кызматкери болуш керек. Дагы мен тааныган жети жылдан бери Жогорку Кеңеште жардамчы болуп иштеп жүрөт, ошол киши да бар экен. Мен аларды айтсам болбой койду. Анын үстүнө дагы бир киши келип, өзүнүн паспортун көрсөтүп, мен Кыргызстандын жаранымын десе да, аны карабай зөөкүрлүк менен эле биздин БШКнын көпчүлүк добушу менен чыгарып коюшту. Экинчи мисалы ошол эле саясий партия “Ак жол”, 5 мүчөсүн саясий кеңештин төрагасы өзү келип тастыктап айтып берди, мурун өзүлөрүнүн каалоосу менен кетип калган экен съездден бекиткен чечим боюнча. Анын ордуна саясий кеңештин чечими менен 5 талапкерди коштук деп өздөрү тастыктады. Бул 72-беренени одоно бузуу болуп эсептелет. Анткени, ал жакта курултайдын жашыруун добуш берүү менен гана талапкерлердин тизмеси катталат деп так көрсөтүлгөн.

- Акылбек мырза, балким сиз БШКнын отрумунан айрым учурларда төрага, коллегаларыңыз менен келишалбай жыйындан чыгып кетип аткан себебиңиз ушундан болдубу?

- Себеби, ошондон болду. Элдин баары акыркы күндөрдө каттуу айтып атпайбы, “кукловод” жана “кукла” дегендей болуп жатат. Тилекке каршы БШК азыр курчактар менен куурчак башкаргандарга айланып кеттик. Бул ачыктан ачык көрсөтүлүп турат. Менин коллегаларым кылмыш жаза ишин кылганын да билбей калышты азыр. Бул кылмыш жаза иши деген кылмыш жаза кодексинин 139-беренесинде бар, ар жарандын шайлоо укугун аткарууга тоскоолдук кылуу деп коет. Бул беренеге так келет. Анткени негиз жок эле шайлоого катталган талапкерлердин шайлоого баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюшту.

- Ал эми айрым байкоочулар айтып атат, БШКнын кээ бир мүчөлөрү акүйдүн көрсөтмөсү менен иштеп калды деп. Анда мунун чындыкка жакындыгы бар го дейм?

- Жакындыгы болгон үчүн акыркы 3 күндөгү отурумунда мындай суроо туулуп калганда эле жыйынды жылдырып коюп атканын көрдүңүз себеби жок эле. Кеңешип келип кайра улантып жатышты, бирөөнө макул болуп, бирөөнө макул болбой. Актакрылып турганы ачык эле көрүнүп турат, муну эч ким таналбайт болуш керек. Анткени мурунку эле 7 саясий партиянын тизмесин алып салуунун себеби жөнөкөй эле позицияны эрекектердин саны бир кишиге көп болуп калыптыр деген себеп болду. Аны эми оңдоп коюш керек болчу. Андай жобо бар 27-беренеде. Бирөө, же экөө кетип калса жанагы позицияны оңдоп койсо болот, БШК ошон үчүн түзүлгөн, оңдоп жардам бериш үчүн.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG