Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:49

КАЙРА ЖАҢЫЛАНГАН “АЛАТОО” КИНОТЕАТРЫ ЭШИГИН АЧТЫ


19-октябрда Бишкектеги эң алгачкы кинотеатрлардын бири «Алатоо» кинотеатры «Синематика» фирмасы тарабынан эл аралык талаптарга ылайык кайрадан жаңыланып орусиялык кино ишмер Сергей Бодровдун «Монгол» аттуу жаңы тасмасы менен эшигин кайрадан ачты. Бет ачарга маданият ишмерлери, депутаттар, элчилер, ишкерлер, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Пайдубалынан бөлөгү баары кайрадан жаңыланган “Алатоо” кинотеатрынын бетачарында Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов балалыгы ушул кинотератрда өткөнүн айтып, “Дордой” ассоциациясы кино тармагына дагы көңүл буруп, салым кошуп жатканына ыраазчылык билдирди. Өлкөнүн маданият жана маалымат министри Султан Раев жаштарды тарбиялоодогу кинонун таасири күч экенин белгилеп, “кыргыз кино керемети кайрадан жандана баштады”,- деди.

Кыргызстандык кино күйөрмандарына орусиялык кино ишмери Сергей Бодров “Монгол” тасмасын тартуудагы түйшүктөр жана тасма “Оскар” сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүп жатканын айтып, тасмадагы атчандардын согуш учурларын кыргызстандык каскадерлор аткарганын, тасманын айрым бөлүгүн кыргыз оператору Хасан Кадыралиев тартканын белгиледи.

АКШ, Германия, Орусия, Казакстан кино компаниялары биргелешип 20 миллион долларга чукул каражат менен таркан “Монгол” кино тасмасын кыргызстандыктар учур талабына ылайык жабдуулар менен жаңыланган ыңайлуу “Алатоо” кинотеатрында бир дем менен көрүштү.

Бул тасманы тартууда кыргызстандык жети каскадер катышып, өз милдеттерин аткарганын маркум Үсөн Кудайбергеновдун шакирти Тойчубек Саркебаев айтты.
Кыргыз эл артисти, белгилүү кино ишмери Болот Шамшиевдин пикиринде “Монгол” кино тасмасы таасирдүү тартылган.

“Монгол” тасмасынын экинчи режиссеру казакстандык Нарын Ийгилик ушул кинодогу башкы ролдун бирине тартылган монгол кызы Хулан Чулуунду өмүрлүк жар кылып, бактысын тапканына кубанып, кыргыз кинолорун көрүп чоңойгонун, Чыңгыз хандын өмүр таржымалы тууралуу тасма дагы уланаарын, анда кыргыз кино актерлору дагы катышаарын билдирди.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин айтымында учурунда “Алатоо” кинотеатры кыргыз маданиятынын ордосу болгон. “Кийин каралбай ат сарайдан айрымаланбай, кароосуз калганына кейип жүргөм. Эми кайра жаңыланганын көрүп көзүм сүйүндү”,- деди эл жазуучусу Мар Байжиев.

“Алатоо” кино театры архитертор В.Калмыковдун долбоору боюнча 1938-жылы курулуп, эки залы пайдаланууга берилген. Чоң залы 512 орун болсо, кичи залы 280 орунга ылайык курулган.

69 жылдан бери эскилиги жетип калган имаратты эл аралык талаптарга ылайык “Синематика “ фирмасынын жетекчиси Улугбек Салымбековдун демилгеси менен 12 милион сомго кайрадан жаңыланып, оңдоп-түздөлүп, учур талабындагы жабдуулар орнотулду. Учурда чоң залы 325 орундуу болсо, кичи залына 150 орундук коюлду.

Эки жыл мурда Бишкектеги “Октябрь” кино театры да “Дордой” ассоциациясынын жардамы менен учур талабына ылайык жаңыланган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG