Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

“КЫЙЧАЛЫШ ДООРДО КЫЙНАЛГАН КЫРГЫЗСТАН”


“Алиби”

“Алиби” гезити премьер- министр Алмазбек Атамбаевдин парламентте сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү жарыялап, анын кыргыз өкмөтү таза иштеп жатканы, айрым депутаттар гана элди дүрбөтүп турганын, азык-түлүк маселелерин чечүүгө аракет кылып жатышканы тууралуу айтканын маалымдады.

“Айрым депутаттар айткандай олуттуу кырдаал деле болгон жок. Бизде ун да, буудай да, арпа да бар”,- дейт өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев.

Ушул гезит Кыргызстандын жашылдар партиясы азык- түлүк бааларынын өсүшүнө карата нааразычылык иш- чарасын өткөрө турганын кабарлайт. Бул партиянын билдирүүсүндө “нааразычылык акциясы 19-октябрда саат 12де “Алатоо” аянтында башталат”, делет.

“Бийликтегилер азыркы кыйналыш кырдаалда өздөрүнүн ордун бекемдеп, бийликти менчиктеп алгысы келип жатат.Бул өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирет” дешет Жашылдар партиясынын өкүлдөрү.

“Алиби” гезити “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын “Кумтөр” алтын кени, анын экологияга зыяны, элдин ден соолугуна терс таариси тууралуу пикирине орун берди.

“-Эң коркунучтуусу “Кумтөрдөгү” уу калдыктарын сактоочу жай. Ал жерде учурда эле 20 миллион тоннадан ашуун химиялык таштандылар жатат. “Кумтөр” дагы 10 жыл иштесе, дагы далай уу зат чогулаары бышык. Чынында Кыргызстан келечекте суусу менен эле бай өлкөгө айланат. Ошондуктан мөңгүлөрдү сактоого аракет жасаш керек. Суу болбосо, элге алтындын эмне кереги бар?! Биз анча- мынча акчага алданып, тооолорубузду талкалап, түбөлүк мөңгүлөрдү жардырып, тоо койнун уу зат менен толтуруп жатабыз. Булар алтынды алып кете беришет. Баягы эле жабыркаган эл, талкаланган жер калат”,- деп тынсызданат “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева.

Бул гезит “Адвокат профи” фирмасынын президенти Бабырбек Жээнбековдун президент Курманбек Бакиевга көлөмдүү кайрылуусун жарыялады. Анда баш мыйзамдын жаңы долбоорунун чийкилиги, кемчиликтери айтылып, референдум мыйзамсыз коюлганы, учурдагы саясый кырдаал курчуп турганы, партиялык тизме менен шайлоонун күңгөй- тескейи тууралуу кеңири кеп болот.

“Аргументы и факты”

“Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстанга арналган тиркемесинде дагы референдумдун алдында өлкөдө саясый кырдаал курчуп баратканы маалымдалат.

“Референдумду уюштуруучулардын администрациялык ресурстарды пайдалануу ой-тилеги орундалганы менен коомчулукта ажырым кеңейип, саясый кырдаал курчуйт. Референдумдан кийинки чукул парламенттик шайлоо учурунда партиялардын тирешүүсү “идея жана программа” үчүн гана болбостон, аймактардын лидерлеринин атаандашуусун дагы жаратат. Ошондуктан парламенттеги депутаттык мандат үчүн бийлик менен оппозициянын ортосундагы күрөштөн сырткары, түндүк жана түштүктөгү партиялардын атаандаштыгы күчөйт”,- деп жазат “Аргументы и факты” жумалыгы.

“Дело№”

Бул жумалык дагы өлкөдөгү кымбатчылык, доллардын курсунун ылдыйлашы, саясый кырдаал тууралуу сөз кылган. Бийлик карапайым адамдарды бушайман кылышканын, айрыкча кары- картаңдарга убал болгонун, жетекчилерге ишенимдин эбак кеткенин, турмуш чындыгын мамлекет жетекчилери жаап- жашырып, экономика менен алектенбей саясатка сүңгүп кирип кетишкени талдоого алынат.

“1500 сомдук унду эл талап алып жатышат. Ун мындан дагы кымбатташы мүмкүн дешип, азык- түлүк топтоп жатышат. Кампасы куру өкмөт баары жайында деп камаарабай турганы жакшылыкка алып келбейт”- деп жазат “Дело№” жумалыгы.

Ошондой эле “Кумтөр” алтын кени, парламенттеги талкуу, кайчы пикирлерди жана экс- спикер Өмүрбек Текебаевди кантип төрагалыктан оодарып түшкөндүн сыры баяндалат.

“Замандаш”

“Замандаш” журналынын жаңы саны окурмандарга сунуш кылынды. Мындагы саясат таануучу Уран Ботобековдун макаласы “Кыйчалыш доордо кыйналган Кыргызстан” деп аталат. Анда баш мыйзамдын айланасындагы маселелер талдоого алынган.

“Референдумдун мөөнөтү өтө эле кыска аралыкка дайындалып калганы жалгыз гана оппозицияны гана түйшөлтпөстөн, жалпы жарандык коом менен саясый партиялардын терс пикирин жаратууда. Анткени, бир айга жетпеген кыска мөөнөт ичинде жалпы журт талкууга коюлган Башмыйзамдын күңгөйү менен тескейин толук тескегенге чама-чаркы, убактысы жетпейт. Саясый партиялар эл кыдырып, өз сунушун элге жеткирүүгө мезгил жол бербейт. Алдыдагы референдумдан айрым оппозициячылар өзүнө саясый упай топтоого ашыгууда” деп жазуу менен автор президенттин өз партиясын түзүү ниетин сындайт.

“Эки жарым жылдык оор саясый таймаштан соң Курманбек Бакиев өзү жүргүзгөн демократиялык жана экономикалык реформаларды колдоочу олуттуу саясый партияга муктаж экендигин түшүндү. Бирок, президент Бакиевдин айланасына Акаевдин шакирттери кайрадан чогулуп алганы көпчүлүктүн көөнүн калтырары бышык. Бүгүнкү бийликти тегеректеген саясый партиялар келечектеги шайлоодо бир кездеги Акаевдик «Алга Кыргызстан» таянган «Кыргызстан калктары Ассамблеясына», райондук акимдерге, облустук бийликке, капчыгы калың ишкерлерге жана «дүжүр» аксакалдарга үмүт артып турганы жашыруун эмес,”- деп жазат саясат таануучу Уран Ботобеков,

“Замандаш” журналы журналист Жайнак Касымовдун
“Саясый тирешүүнүн сабактары” деген макаласына орун берди. Анда эки жылдан бери Кыргызстан саясий чатактардан башы чыкпай эле келатканы талдоого алынып, бийлик менен оппозициянын каталыктары тууралуу кеп болот.

“Бийликтин негизги каталары – биринчи иретте чатактын масштабына маани бербей, каршылаштар айткан талаптардын актуалдуулугун четке кагуу көп кездешет. Дагы бир жаңылыштыгы – каяша айткандарды маалымат булактарынан ажыратып, ошонусу менен эл ичиндеги имиш-имиштерди күчөтүп, каршылаштарын баатыр кылып көрсөтүп жатат. Чатак туудурган проблеманын өзүн чечпей создуктуруп жиберишет, карама-каршы келген билдирүүлөрдү жасашат, элге жаман көрүнгөн кылмыштуу топтордун лидерлери менен кызматташып туруп алышат. Баарынан чоң кемчилиги – бийлик өкүлдөрү көп учурда сүйлөшүлгөн убаданы оңой бузуп, ишенимден чыгып кеткен учурлар көп болот” деп айтуу менен автор, оппоциянын кемчиликтерине дагы токтолот.

“Оппозициячыл күчтөрдүн -кемчиликтери бийликти өз колуна алууга негизинен даяр эмес, атайын план түзүшпөйт. Конституциядан тышкаркы уюмдарды түзө койгонго маш келишет, алар дагы зомбулукка даяр турушат.

Азык-түлүктүн кымбатташы, кең байлыктын, жер байлыктын оңду-солду сатылышы эч кандай оппозициясы жок эле элди стихиялуу түрдө көчөгө алып чыккадай абалга жетти”- деп жазат Жайнак Касымов.

“Кыргыз адабияты”

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргызстандын Брюсселдеги толук ыйгарымдуу элчиси – Чыңгыз Айтматов менен 10- октябрда жарык көргөн “Кыргыз адабияты” гезити аңгеме куруп, Казак-кыргыз элинин достугу, тарыхый, маданий, адабий байланыштары, дегеле өткөөл мезгилде жашап аткан мекендештерине карата пикирин жарыялады. “Экономикалык жагдай, турмуштун даражасы, деңгээли чыгармачылык ой жүгүртүүгө да таасир этет. Казак туугандардын ой жүгүртүүсү, дүйнөгө көз-карашы азыр абдан кенен. Биздик деле ошондой. Алматыда жолугушуп көп маселелердин тегерегинде талкуулашканыбыз жакшы натыйжа берет. Элибизде бейкутчулук, бакубат жашоо орносо”- деп тилек кылат Чыңгыз Айтматов.

Кабыл Макеш
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG