Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

ФИЗИКА БОЮНЧА БЫЙЫЛКЫ НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫН ФРАНЦИЯЛЫК ЖАНА НЕМИС ИЛИМПОЗДОРУ АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Швециянын Нобель комитети 9-октябрда 2007-жылдын физика боюнча Нобель сыйлыгы франциялык жана немис окумуштуулары Альбер Ферт менен Петер Грюнбергге берилгени жөнүндө жарыялады. Алар нанотехнология тармагындагы жетишкендиктерге негиз түзгөнү үчүн сыйланды.

Швециялык атактуу илимпоз жана инженер Альфред Нобель 1896-жылы каза болоор алдында анын банкта сакталган акчасынын сүт акысы илимий жетишкендиктер үчүн беш сыйлык берүүгө жумшалсын деп айтып кеткен. Анын керээзин аткарып, Швециянын Илимдер Академиясы жана кошуна Норвегиянын Нобел комитети 1901-жылдан тартып физика, химия, медицина, адабият жана тынчтык орнотуу боюнча сыйлык берет. 1969-жылдан бери болсо Швециянын Улуттук банкы экономика боюнча дагы Нобель сыйлыгын ыйгарат.

2007-жылдагы физика боюнча сыйлык франциялык жана немис окумуштуулары Альбер Ферт менен Петер Грюнбергге берилгени жөнүндө 9-октябрда жарыяланды. Физиканын магнетизм тармагында алар жүргүзгөн изилдөөлөр нанотехнологияда пайдаланылган: "Биз изилдөө жүргүзүп, магнетизмде тапкан феномен - компьютерлердин маалымат сактоо аспаптарынын көлөмүн эбегейсиз кичирейтүүгө мүмкүнчүлүк түздү", - дейт сыйлыкка татыган франциялык окумуштуу Альбер Ферт.

Акыркы мезгилде илим менен техника айкалышкан тармактарда өтө көп орчундуу ачылыштар жасалып, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Андай тармактардын азыр эң өнүгүп бараткандарынын бири - нанотехнология.

Нанотехнология деп - өтө майда, микрон менен ченелген аймактарда жүргүзүлгөн техникалык иштерди атайт. Бул тармакта физикада мурда эле теориялык ачылыштар болгон, бирок акыркы мезгилге чейин техника анчалык майда нерселерге жете алган эмес.

Окумуштуулардын пикиринде, жакын арада нанотехнологиялар - рак сыяктуу ооруларды азайтуу ишин технологиялык жакка бурушу мүмкүн, кан тамырларынын ичине болсо өтө майда роботтор киргизилип, анын үзүлүп калган жерлерин жамай ала турган жагдай түзүлүшү мүмкүн.

Бир жүз алты жылдан бери бардыгы болуп дүйнөдө Нобель сыйлыгы жети жүз элүүдөн ашык адамга ыйгарды. Бул сыйлыктардын эң негизгилеринин бири болуп - физика боюнча премия саналат, ага татыган окумуштуулардын катарында Вильгельм Рентген, Макс Планк, Альберт Эйнштейн, Нильс Бор, Энрико Ферми, Макс Борн, Пьер жана Мария Кюрини атаса болот.

Польшада туулуп, Францияда иштеген Мария Кюри Нобель сыйлыгын эки жолу алган - 1903-жылы физика жана 1911-жылы химия боюнча. 1935-жылы болсо анын кызы Ирен Кюри дагы химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган. Атомдун ички түзүлүшүн аныктаган атактуу британиялык физик Эрнест Резерфорд болсо 1908-жылы Нобель сыйлыгын химия боюнча алган - ал кезде физика менен химия ортосундагы айырма азыркыдай эмес болчу.

Советтик жана орус окумуштууларынан физика боюнча биринчи Нобель сыйлыгына 1958-жылы Павел Черенков, Илья Франк жана Игорь Тамм татыган. Андан кийин 1962-жылы сыйлык Лев Ландауга, 1964-жылы Николай Басов менен Александр Прохоровко, 1978-жылы Петр Капицага жана акыркы мезгилде 2000-жылы Жорес Алферов менен 2003-жылы Виталий Гинзбург жана Алексей Абрикосовко берилди.

Акыркы 20 жылдын ичинде физика боюнча Нобель сыйлыгы 15 жолу америкалык илимпоздорго ыйгарылды. Быйылкы сыйлыктын өлчөмү 10 миллион швед кронасына барабар, ал - бир жарым миллион доллардын тегерегинде.

Сүрөттө: 2007-жылдын физика боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылган франциялык окумуштуу Альбер Ферт.
XS
SM
MD
LG