Дүйшөмбүдө болуп өткөн жыйын тууралуу коменттариялап Түркиянын Zaman гезити: “КМШ туюкка такалды, эми үмүт бажы биримдигинде” деп жазып чыккан. “Дүйшөмбүдө жолуккан КМШнын жетекчилери шериктештикке реформаларды киргизүү маселесинде өз-ара мунасага жетише алышпады. СССРдын ыдырашынан кийин түзүлгөн Көз каранды эмес мамлекеттердин Шериктештигинин Дүйшөмбүдө болуп өткөн саммитинде кайрадан ынтымаксыздыктын ызгаары сокту. Украинанын лидери Виктор Ющенконун Дүйшөмбүнүн ордуна Франсияга кетүүсү менен алгачкы соккуну жеген КМШ, өткөрүлгөн жыйындарда Түркмөнистан менен Грузиянын структуралык реформа программасына ынашпай коюусу аркылуу экинчи запкыны жеди”,- деп жазылган макалада. Анда ошондой эле Россия жүргүзүп келген саясаттарга тынчсыздануусун жашырбай бетке айткан Грузин жетекчиси Михаил Саакашвилинин “өзүбүздү алдаштын кереги жок. Шериктештик жүрбөй жатат” деп айткан сөздөрүнө шилтеме берилген. КМШнын саммити менен бирдей учурда өткөрүлгөн Евразия Кызматташтык уюмунун жыйынында Россия, Казакстан жана Беларустун ортосундо кол коюлган бажы биримдиги келишими жана ал келишимге келечекте катышууга Кыргызстандын дагы ынтызар экендиги жөнүндө да кеп козголгон. ZAMAN гезитинин макаласында жазылышына ылайык КМШнын келерки саммити Бишкекте өткөрүлмөкчү.
Evraziya View аталышындагы вебсайтта Казакстан менен Россиянын чыңалып бараткан мамилелерине сереп салган бир макала жарыяланды. Дүйшөмбүдөгү саммитти утурлап жазылган макалада, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен орус кесиптеши Владимир Путиндин чегара аймактарынын жетекчилеринин форумуна катышуу максатында Новосибирскиде кайрадан жолугушкандыгы билдирилет. Макалада эки лидердин сүйлөшүүлөрүндө, энергетика тармагында кызматташтыкты өөрчүтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчө, түркмөн жана казак мунайын жана табыйгы газын Россиянын жери аркылуу Батышка алып чыга турган жаңы бир куур багытын куруу маселеси башкы орунду ээлегендиги билдирилет.
Londondun Financial Times Казак өкүмөтү менен Италиянын ЭНИ компаниясы жетектеген эл-аралык консорциумдун ортосунда Кашаган боюнча улашып жаткан чыр-чатакка байкоо салуусун улантууда. Гезиттин кийинки сандарынын биринде жарыяланган макалада Италиянын премьер-министри Романо Продинин Астанада уланып жаткан саякаты жана анын бүгүн казак жетекчилер менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрүндө талкуулана турган маселелер талдоого алынган.
Washinгton Post гезитинде жарыяланган бир макалада болсо, мунайга бай Борбор Азия өлкөсү Түркмөнстан энергетика жана экспорт жолдоруна болгон Москванын монополиясын сындырыш үчүн үчүнчү тараптар менен келишимдер түзүп жатканы билдирилет.. “Батышта Европа Биримдиги Чыгышта экономикасы өнүгүп келаткан Индия менен Кытай болуп, эки ортодо мунайга жана табигый газга бай Түркмөнстандын Борбор Азиядагы энергетика көйгөйүндөгү ролу улам бекемделип баратат” деп жазылган макалада. Анда ушу тапта Москва менен тыкыс энергетика байланыштарын сактап калууга аргасыз болгон менен Ашхабат, Кытай менен түзгөн мунай куур келишиминен алып караганда, жакын арада чоңураак базарга чыгууга ынтызар экени, жалпы Евразия аймагынан алып караганда Түркмөнстан Россияны Батышка каршы эмес Кытайга каршы коюуусу ыктымал экендиги белгиленген.