Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

ЖЕРҮЙ КИМГЕ ЖЕМ БОЛГОН ЖАТАТ?


Жогорку Кеңеш 5-сентябрда Кыргызстандагы алтын кендерин иштетүү абалын иликтеген парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын карайт. Бирок парламентте Жерүй алтын кенине байланышкан маселе каралбай турган болду. Парламентте айтылган маалыматка караганда, буга Жерүй алтын кенин иштетүү лицензиясына мурда ээлик кылган “Оксус голд” компаниясынын доо арызынын сотто каралаары себеп. Мына ушуга байланыштуу парламенттик комиссиянын төрагасы Болот Шерниязов “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берген.

- Болот мырза, Кыргызстандагы алтын кендерин иштетүү боюнча сиз жетектеген парламенттик комиссиянын жыйынтыгы биздин маалымат боюнча өткөн жылдын аягында эле даяр болгон. Бирок, ал эмнегедир парламентте талкууланбай келе жатат. Ушундан улам алгач коомчулукту катуу кызыктырган бир суроо менен маегибизди баштасак деп турам. Ал Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгөн келишим жана “Центерра голд” компаниясына өтүп кеткен акциянын бир бөлүгүнүн жакын арада кайра кайтарылышы. Себеби, аны кыргыз өкмөтүнүн эл аралык деңгээлдеги ийгилиги деп баалап жатышат. Чын эле муну менен Кумтөргө илээшип келген бардык проблемалар чечилдиби же парламент козгой турган көйгөйлүү жагдайлар барбы?

- Менин оюмча, Кумтөр долбоору боюнча “Камеко” менен биздин өкмөттүн сүйлөшүүсүнө парламенттик комиссиянын кошкон эмгеги өзгөчө. Байкадыңыздарбы, кеп акция жөнүндө болуп жатат. Акция деген эмне? Ал кагаз. Кандай коркунуч бар? Булар алтын кымбаттап жатат, акция дагы кымбаттайт деп жатышат. Мен бир ойду айткым келет, алтынды канчалык казган сайын анын кору да азайат. Өзгөчө Кумтөргө салыштырмалуу чакан кендер, мисалы, Монголиядагы Борру, Газсурт деген майда кендердин запасы бүтсө акция кандай болот? Алтыны бүткөндөн кийин кенди иштетүүчү фабрика эмне иш кылат? Өзгөчө биз коюп жаткан башкы талап-уу калдыктар сакталуучу жайлардын проблемасы. Кумтөрдөгү Петров көлүнүн көйгөйү эмне болду? Мөңгүлөрдүн келечеги эмне болот? Анан баары бүткөндөн кийин рекультивация фондусу эмне болот деген маселелер. Бул боюнча кандай иштер жасалып жатат? Ушуга окшогон толгон-токой проблемалар бар. Демек, биз ураа-ураа дегенден бир аз качышыбыз керек деген ойдомун.

Ал эми парламент Жерүй жөнүндөгү маселе боюнча документти январь айында эле даяр кылган. Бирок, эмнегедир ушул убакка чейин парламенттин кароого убактысы жетпей жатат окшойт. Ушуну менен күн тартибине канча жолу коюлду? Бир жолу күн тартибине киргенден кийин кворум жок болуп калды. Эми эртең каралат дегенде премьер-министр Алмаз Атамбаев дагы бир жолу кат жазып токтотуп жатат. Ал мындай катты июнь айында да жазып токтоткон болчу. Жерүйдүн келечеги болсо – экинчи Кумтөр. Жерүй жем болуп жатат. Бул тууралуу Атамбаев оппозицияда жүргөндө абдан жакшы айтчу эле.

Сегиз айдан кийин алтын берет деп парламентти ишендирген адамдар бүгүн башын шылкыйтып отурушат. Алтын эмес балакет да жок. Биз башында эле тендер өткөргүлө деп катуу суранган элек. Анткени, алтын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү ири компаниялар, маселен, “Барреголд”, Орусиянын “АллРосс” компаниялары кызыгып турган эле. Жок, жең ичинен жайлашты. Эми мунун натыйжасы эмне болот? Алар берген техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча чыгым Кумтөрдөн алынган алтындан да эки эсе кымбатка түшүптүр. А Кумтөрдү биз билебиз да! Мынакей 1997-жылдан 2006-жылга чейин 181,85 миң тонна алтынды 1 миллиард 847 миллион 700 миң долларга сатып Кыргызстандын дивиденд катары көргөн пайдасы 10 миллион доллар!
Бүгүнкү өкмөттүн Жерүй боюнча позициясы бул- элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп, өкмөт элге иштебей эле кандайдыр бир башка адамдар үчүн иштеп жаткандай элес калтырат.

- А сиздин пикириңизде жана комиссиянын иликтөөсү боюнча Жерүй алтын кенинин артында кимдер турат деген ойдосуз? Эл арасында анын артында Белоконь, Березовский турат деген имиштер бар. Ошонун чындыгы бар бекен?

- Бул өзүнчө тема. Бирок, азыркы документтердин негизинде менин антип айтканга мүмкүнчүлүгүм жок. Бирок, Белоконьдун ким экендигин жана Березовский менен кандай мамиледе экендигин эл аралык коомчулук жакшы билет. Бул жашыруун сыр эмес.

- Жерүй алтын кени иштетилсе Кыргызстандын экономикасына пайда келет жана жергиликтүү элге да пайда болот деп азыр көпчүлүк абдан катуу кызыгып турат. Комиссиянын иликтөөсү боюнча өлкө экономикасына жана жергиликтүү элге эмне калат экен, байлык болот бекен?

-Алар берген техникалык-экономикалык негиздемесине таянсак Жерүй алтын кенинен булганган суу жана талкаланган тоо калат.

- Алмаз Атамбаев бийликке келгенде Жерүй алтын кенин иштетүүчү компаниялар арасында ачык тендер өткөрүлүп, анан элге пайда алып келе тургандай иш жасала турган болсо гана ошол компанияга иштетүүгө беребиз деп айткан эле. Эмне үчүн ушул сөзүнүн өтөөсүнө чыкпай жатат деген ойдосуз?

- Эми мен мурдагы Премьер-министр Феликс Куловдун да, оппозициядан Ак үйгө өткөн Атамбаевдин дагы трагедиясы – бул Ак үйгө жеткенден кийин кожоюнга кошомат кылып, элдин ишенимин кошоматка курмандыкка чалып ийгендигинде деп ойлойм.

-Кыргыз өкмөтүнө, кыргыз бийлигине Кумтөр боюнча алданган абал чоң сабак болду эле го. А эмне үчүн азыркы бийлик ага кайра жол берип жатат деген ойдосуз?

-Элди ойлосок, жерди ойлосок мындай болбош керек да!

-Сиз жогоруда Премьер-министр Алмаз Атамбаев Жерүй маселесин кароо парламенттин күн тартибине коюлганда июнь айында атайын кат менен кайрылып, бул маселе каралбай калды деп айтып кеттиңиз. Эми дагы бир кат менен кайрылды деп жатасыз. Азыр ошондой кат менен кайрылуусуна “Оксус голд” компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу негиз болуп жатабы же башка себептер барбы? Соттун болору чын бекен?

- Ал соттун болор да, болбосу да белгисиз. Жөн эле “Саланг” деген фирманын электрондук почтага жиберген катын негиз кылып жатышат. Андай каттарды миллиндоп жиберсе болот.

- Демек, кыргыз өкмөтүндө жана парламентте ушул маселе сотто каралат деп жиберилген мыйзамдуу, ишенимдүү документ жокпу?

- Андай документ жок. Алар бул жерде Жерүй жөнүндө чындыктуу маалыматты коомчулуктун калың катмарынын билгенине каршылык кылып жатышат деген ойдомун. Оппозициянын ана башы болуп жүргөн Атамбаев Ак үйгө бир нерсе алуу үчүн барган жок, эл үчүн, жер үчүн иштейин деп барган деп ишенгим келет.Бирок, ал кишинин берген убадаларынын унутулушу же ага карамандай каршы чыгышы көп ойго салып коет экен.

- Жерүйдү иштетебиз деп анын лицензиясын алган компания акциясынын кандайдыр бир бөлүгүн “Визор” деген компанияга сатып жиберди деген маалыматтар бар. Мунун чындыгы бар бекен жана ага эмне себеп болду экен?

- Кулов элди да, парламентти да “аябай бай инвесторлор келди, кыйратат, жыргатат” деп катуу ишендирди эле. Алар эми өзүнүн үлүшүнүн 50 процентин сатты деп айтып жатышат. Ал эмне деген үлүш? Эгер ушул компанияда Жерүйдүн лицензиясы болбосо баасы канча болот? Коко тыйынга арзыбайт! Бул деген эмне? Бул бизди дагы эле алдоо!

- Ушундай алдамчылык болуп жаткандыгын сиз жетектеген комиссия аныктаган болсо жана парламентарийлер документтерди көрүп жаткандан кийин парламент мыйзам чегинде кандай аракет көрөт?

- Жерүй боюнча биз баары бир мыйзам чегинде иштейбиз жана шайлоочуларыбыздын кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргоого аракет кылабыз.

- Ушул абалдан чыгуунун кандай жолу бар?

- Ушул абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Азыр “Глобал голд” компаниясынан кенди иштете албагандыгы жана ишенимди актабагандыгы үчүн мыйзам чегинде лицензияны алып туруп, ачык-айкын тендер жарыялашыбыз керек. Антпесек, Жерүй бизге чырдан, балакет менен кыйкырыктан башка эч нерсе алып келбейт.

- Эми ошого парламенттин күчү жана өкмөттүн эрки жетеби?

- Эми парламенттин... Парламентти эми эл шайлайт... Колубуздан келгенче туруштук бергенге аракет кылып жатабыз.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG