Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

ТАЖИКСТАНДА АРМИЯГА ЧАКЫРУУ КҮЧӨДҮ


Төрөкул Дооров, Москва Армиядагы кызмат өтөөчүлөргө түзүлгөн шарттарынын начардыгы үчүн сынга алынып келген Тажикстандын армиясы ушул жумада жаштарды аскер кызматына алуу боюнча жаңы өнөктүгүн баштады. Бирок өлкөдө жаштар эптеп армиядан калып калуунун айла-амалын издөөнүн үстүндө.

Тажикстанда аскерге чакыруунун жаңы сезону башталды. Андыктан жашы 18ден 27ге чейинки тажикстандык улан-жигиттер жергиликтүү аскерий комисариаттарга өздөрү тууралуу кабар бериши лаазым. Бирок душанбелик 22 жаштагы Комил Ражабов “военкоматтын” бир канча жолку чакырууларына карабай, окуусун улантыш үчүн Москвага кетип калды.

Ушул тапта Тажикстанда сыналгы каналдары өлкөнүн аскерий кызмат өтөө жайларында шарттар жакшырып жатканы тууралуу байма-бай кабарлап жатышат. Ражабов бирок бул өңдүү үгүт иштерине ишенбей тургандыгын айтат.

- Мен улуттук армияда кызмат өтөйүн деген ниетим жок. Ал жакта мен өзүмдүн ден-соолугума коркунуч келбей тургандыгы тууралуу ачык кепилдик алсам гана барышым мүмкүн, - дейт Комил.

Анын айтымында, көптөгөн тажик жигиттери мына ушундай эле ойдо. Чын эле тажикстандыктардын көпчүлүгүн аскерлерге тамактын жетишээрлик берилбеши, кийим-кечек да өз учурунда чечилбей калышы, кычыраган кышта жатаканалардагы жылуулуктун жоктугу өңдүү Тажик Улуттук армиясындагы начар абал чочулатат өңдүү.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги аскер күчтөрүн ушундай кысталыш кырдаалдан чыгаруу үчүн бир топ эле аракет кылгандай болду эле.

Бирок “Азаттыктын” тажик кызматынын суроолоруна жооп берген аскерлер өлкөдөгү армия оңолуп, бутуна турушуна, армия тууралуу коом пикирин өзгөртүүгө дагы далай убакыт, аракет керек болчудай.

25 жаштагы Рахматулло Сафаров өзү жумурияттын Хизор регионунан болот. Ал жакында эле бир жылдык аскер кызматын бүтүрүп келди.

- Ал жерде дурусураак тамак да беришкен жок. Акыркы мезгилдерде эле өзгөрүүлөр болуп кетпесе, буга чейин абал аябай эле начар болчу. Биз көбүнчө эле буламык жечүбүз. Униформаларыбыз да эски эле. Бизге айда-жылда бир ирет жаңы кийим беришпесе – эскиси менен жүрө берчүбүз. Анын үстүнө, формаларыбыз деле жылуу эмес. Түнкү күзөткө чыккан учурларда такыр эле тоңуп калчубуз, - дейт эми эле армиядан келген Сафаров.

Рахматулло өзү чын эле ошол түнкү күзөттө жүрүп, туберкулез менен ооруп калганын айтты.

Ал да, көпчүлүк тажик жигиттериндей эле, “военкаматка” күч менен жеткирилип, кийин армияга жөнөтүлгөн.

Чынында, балдарды көчөдөн же базарлардан кармап эле, кийин аскерий кызматтарга жиберүү Тажикстанда көп жылдар бою колдонулуп келди. Бул практика аймакта “облава” деп таанылып калган.

Быйыл жазгы аскерге чакыруу учурунда Коргоо министрлиги “облава” эми колдонулбай, адамдарды армияга чакыруу мурдагыдай уруш-талашсыз эле боло турганын билдирген.

Министрлик, андан сырткары, жаштарды аскер кызматына тартыш үчүн үгүт иштерин жүргүзүп, сыналгы каналынан апталык программасын да чыгара баштаган. Анда жаш аскерлер жаңы тигилген форма кийип, патриоттук ырларды ырдашат, армиядагы мыкты шарттар жөнүндө талкуу жүргүзүшөт. Анда аскер өтөөдөгү кыйынчылыктар, шарттардын начардыгы тууралуу бир да сөз болбойт дешет көрүүчүлөр.

Андан сырткары, жаштарга арналган ар кандай программаларда офицерлер, мурдагы аскерлер чыгып, аскердик кызмат өтөөгө үгүттөп, анын денеге да, акыл-эске да пайдасы чоң тууралуу кеп курушат.

Коргоо министринин басма-сөз катчысы Фарудин Махмадалиев тажик армиясы азыр бир топ эле өнүккөндүгүн, мурдагы чабал армия азыр жок экенин айтты.

- Быйыл аскердик кызматка келгендерди таптаза жатакана, жаңы көрпө-төшөктөр күтөт. Биринчи күндөн тарта эле ар бир аскер өкмөттүн ага камкордугун сезе баштайт, - дейт Махмадалиев.

Аскерге чакыруу жараяны ушу тапта Кыргызстанда да жүрүүдө. Өлкөнүн аскер күчтөрүнүн штаб башчысынын орун-басары, полковник Василий Гавриловдун айтымында, Кыргызстанда, тетирисинче, жаштар армияга барууну самашат экен. Быйыл да Кыргызстанда, адаттагыдай эле, 4,500 миңдей адам армияга чакырылаары маалым болду.

- Кыргызстан – бул Кыргызстан, бул Тажикстан эмес. Бизде балдар тетирисинче армияга барып, кызмат өтүп келгенге шашылышат. Аларга түзүлгөн шарттар, мисалы, 2000-жылга салыштырмалуу аябай эле жакшырып калды. Азыр кызмат өтөй турган жерлерде да, алар өздөрү жашай турган жайларда да эң мыкты шарттар түзүлгөн, - дейт полковник Гаврилов.

XS
SM
MD
LG