Эгер бүгүн Жогорку Кеңешке шайлоо өтө турган болсо, кайсы партияга добуш берет элеңиз? Мына ушул суроо менен “Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты партиялар рейтингин аныктоо аракетин жасады, “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, бардыгы болуп эки саат ичинде 190 адам добушун берди. Анын жыйынтыгында биринчи орунга 60 добуш менен “Ата Мекен” партиясы чыкты. Экинчи орунга 39 добуш менен социал-демократтар партиясы, ал эми үчүнчү орунга 18 добуш менен “Ар-Намыс” партиясы чыкты.
Референдумга коюлган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык парламенттик шайлоо партиялык тизме аркылуу өтөт. Андыктан референдум алдында азыр өлкөдөгү бардык саясий партиялар ат салышууга билек түрө шымаланууда. БШКнын билдирүүсүнө караганда өлкөдө 100дөн ашык партиялар бар. Бирок алар арасында толук кандуу иш алып барган партиялар манжалап саналат.
Бүгүнкү праймериз акциясына катышкан “Содружество” партиясынын жаш өкүлү Нурдин Дүйшөнбеков бул иш-чара буга чейин партия үчүн добуш берип көрө элек шайлоочулар үчүн жакшы тажрыйба деген оюн билдирет:
- Көп шайлоочулар көнө элек. Биз көбүнчө баягы ысымдарга көңүл бөлүп, фамилияларга добуш берип көнуп калганбыз. Бул жаңы шайлоо үчүн жакшы тажрыйба деп ойлойм.
Баштапкы добуш берүүгө катышкан жаштардан улам, чынында электорат азыр партия программалары, идеялары эмес саясатчылар жеке беделине көбүрөөк көңүл бураары айгине болду. Алалы, кийинки Азамат атту жигит Куловду тааныбаса деле добуш берип чыкканын айтты:
- Куловго добуш бердим. Мындай аны тааныбайм деле. Телевизордон эле анда-санда көрүп калам. Партиялардан тааныбайт экем.
Буга чейин Кыргызстанда шайлоо системасы партиялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн эмес. Референдумдан кийин ЖКга партиялык тизме менен ат салышуу мүмкүнчүлүгү эми партиялардын ишмердигин жандантууда.