Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ: АКСЫДА КАН ТӨККӨНДӨР ЖАЗАСЫН АЛМАЙЫНЧА КООМ ТАЗАЛАНБАЙТ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын соңку маектеши белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеев болду.

- Жума күнү парламенттин депутаты Дооронбек Садырбаев Аксы окуясы боюнча иликтеген комиссиясынын бүтүмү менен тааныштырбадыбы. Сизге деле белгилүү болсо керек, ал жерде негизинен бир нече мурдагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу тууралу айтылды. Ошол аты аталгандардын ичинен кимисинин моралдык жана укуктук жоопкерчилиги чоң деп ойлор элеңиз?

- Албетте, Аксы окуясы кыргыздын соңку тарыхында эң орчундуу, эң кайгылуу окуянын бири болуп калды. Бүгүкү күнгө чейин саясий укуктук баа берилбей келатканы өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан мен ойлойм, бул ар бир өзүн-өзү сыйлаган мамлекет үчүн ыйык түшүнүк. Мен документтерин көрө алган жокмун, Дооронбек Садырбаевдин докладын гана уктум. Документтер боюнча ошол жерде эң жогорку жетекчиден баштап эң ылдыйкы аткаруучуларга чейин ким күнөөлүү болсо, ошолордун баарынын тең жоопкерчилиги бирдей деп ойлойм.

- Аксы окуясынын тушундагы премьер-министр, азыркы президент Курманбек Бакиевди да күнөөлөп атышат. Анткени, ал ошол кездеги премьер-министр болуп туруп 17-мартта кечки саат 21де “Тайфун” операциясына кол коюп, ошол ок атууну мыйзамдаштырып берген деген күнөө коюлбадыбы?

- Ошону мен да уктум. Бирок ошону далилдеген документин көрө алган жокмун. Бирок мен дагы бир жолу кайталап коёюн, чындыгында эле Аксы окуясына ким уруксат, санкция берген жетекчи болсо, ал сөзсүз өзүнүн жазасын тартыш керек деп ойлойм. Анткени, бизде элдин өмүрү бул эң жогорку даражадагы адамдын бийлик тактасынан дагы ыйык. Жогорку Кеңештин комиссиясынын бүтүмүн бүгүн да талкуулайт. Кыргызстандын келечеги үчүн биз муну көз жаздымда калтырбай, кимдин тиешеси бар болсо, ар бир адамды жоопко тартышыбыз керек.

- Ошол бүтүмдө айтылгандай, 41 кишини жоопко тартууну сунуштоо бул репрессияга алып келет деп санааркаган да пикирлер болду. Муну президенттин кеңешчиси Абдыкапаров айтып кетти. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Ээн талаада конституциялык укукту, мыйзамдуулукту сактайлы деп келаткан адамдарды атыш ошол репрессия болчу. Алар бирөөнү басып алабыз, же бийликти тартып алабыз деп келаткан эмес. Ондогон адам жарадар болуп, алты киши окко учуту. Ал эми ошол репрессия кайра кайталанбашы үчүн мейли 41 эмес, 101 адам болсо дагы жообун тартыш керек. Ар бири өзүнүн укуктук жагынан кылмыш кодексине ылайык, кимиси кандай деңгээлде жооп бере турган болсо ошону өз башы менен тартыш керек.

Бул репрессия эмес, муну тазалануу деп коёт. Биз тазаланмайынча эч качан мамлекетибизди оңдой албайбыз, келечеги болбойт. Адамдарды атып туруп, бир дагы күнөөнү жазалабай коюп койсок биз репрессиянын гүлдөп өсүп турган өлкөсүнө айланып кетебиз.

- Маегиңизге ырахмат

XS
SM
MD
LG