Сентябрдын башында Данияда сегиз адам кармалды, алар "ал-Каида" террордук уюму менен байланышкан жана өлкө аймагында террордук аракет уюштурууга даярданган деп шектелүүдө. Анын эртеси немис полициясы үч адамды камакка алды, алар Франкфурт шаарындагы аэропортто жана өлкөнүн Рамштайн шаарынын алдындагы америкалык аскерий базада теракт уюштурууга аракеттенген. Кармалгандардын экөө - мусулманчылыкка өткөн улуту боюнча немистер болуп чыкты. Апта аягында болсо Австрияда эки жигит жана бир жаш аял кармалды, алар дагы террордук аракет даярдап жаткан. Үчөө тең - Австрияда туулуп-өскөн мусулмандар.
Нидерланддагы Эл аралык байланыштар институтунун башчысы Эдвин Бэккердин айтымында, европалык жаштар арасында исламдык экстремизмдин тарап баратканы алардын коомдук турмушундагы кыйынчылыктар менен байланыштуу: "Бул жаштарга Исламдын өзгөчө түрү, күрөшкүч түрү жагат. Аны - дискриминациянын натыйжасы деп түшүндүрсө болот, анткени андай экстремисттик топторго киргендер өз социалдык теги боюнча коомдо өз ордун таба албагандар. Алар европалыктар, алар европалык коомдо жашайт, даниялык, голландиялык же немис тилинде сүйлөйт, бирок алар коом тарабынан даниялык, нидерланддык же алманиялыктар болуп кабыл алынбайт", - дейт Бэккер.
Ошондой эле коомдук кыйынчылыктарга Исламга өткөн европалык улуттардын айрым өкүлдөрү да чалдыгат: "Ошондой эле маселе мусулман эмес жаштардын арасында да бар. Коомдо өз ордун таба албагандар, эмне үчүн жашап жүргөнүн аныктай албагандар Батыш Европалык мамлекеттерде да бар. Андан тышкары Ислам динин кабыл алгандар да арбын, алардын арасында аялдар да кездешет. Кандайдыр бир деңгээлде куугунтукка алынган дин катары Ислам аларга жакын болуп чыгып жатат, мүмкүн, алар Исламга ошондуктан кызыгат", - дейт эксперт.
Бирок Иран сыяктуу мусулман мамлекетинен Европага келгендер андай экстремисттик топторго көп кошулбайт, анткени алар негизинен билимдүү адамдар жана коомдогу билим берүү же маданият тармагындагы топторго оңой жана ылдам аралашып кетет.
Кытай сыяктуу мамлекеттерден келгендер арасында дагы экстремисттер жокко эсе: "Сиз кытай болсоңуз, Европада жүрүп деле өз Кытай мекениңиз менен сыймыктана аласыз. Кытайлыктар - аларга каршы же алардын мамлекетине каршы күрөш жүрүп жатат деп эсептебейт. Экстремисттик аракеттерге өткөн мусулмандар өздөрүн мусулман деп эсептейт жана аны менен кошо өздөрүн кандайдыр бир азап тарткан же бүлүндүгө учурагандар катары кабыл алат. Мисал үчүн, Чеченстан, Ирак же Ооганстанда жүрүп жаткан согуштар менен байланыштуу алар өздөрүн коомдо - куугунтукка алынган диндин өкүлдөрү катары сезет", - дейт нидерланддык эксперт Бэккер.