Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

КЫЙРОО АБАЛЫНДА ТУРГАН МЕКТЕПТЕР ДАГЫ ЭЛЕ БАР


Кечээ Кыргызстанда билим күнү белгиленип, миңдеген балдар биринчи жолу мектеп босогосун атташты. Бирок баардык эле жерлерде телегей тегиз эмес. Алсак, Жалалабат облусунда ушул тапта 32 мектеп эскирип, алардын айрымдары кыйроо абалында турат. Ал аз келгенсип айрым мугалимдер башка мамлекеттерге иш издеп кетишүүдө.

Аксы районундагы Карасуу айыл өкмөтүнө караштуу Жүзүмжан орто мектеби кыйла жылдан бери кыйроо абалында турат. Кыш мезгилинде жер көчкү коркунучунан улам окуучулардын чатырлардан билим алган күндөрү болгон. Мектептин жаңы имаратынын сексен пайызы ашар ыкмасы менен курулган, калган бөлүгүн бүтүрүүгө нечен жылдан бери каражат табылбай келе жатат. Айыл өкмөт башчы Кадыркул Өмүрбеков жер көчкү коркунучунда калган айыл-кыштактардын балдары мектепке 15 чакырым жол басып келишээрин билдирди.

- Бейөкмөт уюмдардын жардамы менен бүтүшүнө 20 пайыз калганда, жер көчкүгө туура келип калып, бул мектеп ишке берилбей калган. 15 чакырым алыс аралыктан келип окушат балдар.

Райондун Аблетим айыл өкмөтүнө караштуу “Дейрес” кыштагында жашаган өспүрүмдөр эски чарбадан калган имаратта билим алышат. Унутта калган айылга мектеп жана маданий үйлөрдү тургузууга азыркы бийликтин чама-чаркы жетишпей жатат. Айыл өкмөттүн жетекчиси Абдысалам Жумабеков жашоо турмуштун айынан шарты начар мектептерде мугалимдерди кармап калуу кыйынчылыкты туудуруп жатканын айтты.

- Колхоз убагында курулган бир штабдарды мектепке айландырып алганбыз. Ал мектептин да абалы начар,- дейт Абдысалам Жумабеков.

Айылда мугалимдер гана эмес техникалык кенже кызматкерлердин да айлык акылары бүгүнкү күндүн жашоо талабына жооп бербейт. Аларга эки-үч ишти кошуп берип, айлыгын төлөгөндө да үйбүлөсүн багууга жетпейт. Облус тургуну Токтосун Борончиевдин пикири боюнча мектептерде толук кандуу билимдүү педагогдор саналуу. Күүлүү-күчтүү, жаш, курулуш тармагына ыкташкан мугалимдердин башка өлкөлөргө кетүүсү али токтой элек.

- Орусияга кетип калышты. Эки, үч штатты кошуп берсең деле иштешпейт,- дейт Токтосун Борончиев.

Облустун тоолуу жана ыраак райондорунун мектептери чет тили, химия, биология, математика сабактарынын адис мугалимдерине муктаж. Жаңы окуу жылына облуста 468 мугалим жетишпей жаткан. Жакынкы күндөрү 135 жаш адис мектептерге келип жайгашты. Кыйроо абалында турган 32 мектептин ичинен алтоо жаңыдан курулду, 18 мектептин курулуш жана оңдоо иштерине казынадан быйыл 54 миллион сом бөлүнгөн. Мектептер китептер менен 87 пайыз камсыз болгонун облустун билим берүү башкармасынын жетекчиси Чырмаш Дооронов маалым кылды.

- 468 мугалим жетишпейт эле. Бүгүнкү күндө 135 жаш адистер келди. Өкмөт тараптан он эки мектептин курулушуна 48 миллион акча бөлүндү. Алты мектептин ремонтуна 13 миллион акча бөлүндү. Ушундай нукта кете берсек биз 2-3 жылда кыйроо абалындагы мектептердин баарын бутуна тургузуп коёбуз,- дейт Чырмаш Дооронов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG