Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:21

ШАНХАЙ “ШЕРНЕСИ”, ИРАН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТААРЫНЫЧЫ


«Алиби»

Бул жумалык Бишкекте өткөн Шанхай кызатташтык уюмунун самитти тууралуу тышкы иштер министрлигинин мурдакы жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун пикирин жарыялады. Анын айтымында саммит учурунда протоколдордо кемчиликтер болгон. «Кыргызстан тараптан жакшы демилгелер болгон жок. Бул жерде Кыргызстандын дипломаттары президент сүйлөгөндөй жакшы демилгелүү иштерди чыгара алышпады. Мурдакы өткөн саммиттерде бир гана коопсуздук маселеси каралган болсо, бу сапар Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери көп маселелерди козгоду»,- дейт экс- министр Аликбек Жекшенкулов.

«ШКУ саммити Кыргызстанда жетинчи болуп өткөнү менен тарыхта калбаса, жеке Кыргызстан үчүн эч деле эсте калаарлык нерсе алып келген жок»,- дейт жеке ишкер Турали Алдакулов.

«Балдардын окуусу жакындап калганда ШКУ саммити болуп, соодабыз бир топ солгундап калды. Киреше аз болуп, чыгашага жаттык. Биз үчүн пайдалуу эч нерсени байкай албадык»,- деген пикирин билдирген сатуучу Чынара Абдиева.

«Жай аптабы аяктай электе Бириккен форнт кайрадан баш көтөрө баштады. Алар көтөрүп жаткан демилгелер айрым оппозоциялык күчтөр тарабынан да, бийлик тарабынан да колдоого алынбай жатат. Элдин кыйырын туудурган учурлар арбын. Апрелдеги саясый окуяларга байланыштуу сот процесстери уланууда. Феликс Кулов баштаган лидерлерге сыртка чыгууга тыюу салынып, айрым саясый партиялардын жетекчилери камакка алына баштады. Экс- депутаттар ээлик кылган мүлктөр тартылып алынууда. Күз күрөөсүндө дан азыктары, жашылча- жемиштер, күйүүчү майлар дагы кымбаттады. Бийлик куугунтуктоо саясатын токтотпосо эч бир жакшылыкка алып келбейт»,- деп жазат «Алиби» жумалыгы.

«Белый пароход»

Бул жумалык журналист Елена Авдееванын «Курманбек Бакиев жана анын нөлгө түшкөн кадыр- баркы» деген макаласына орун берди. Мында Кыргызстандын электрэнергетика системасынын талкаланышы, чет өлкөлөргө сатылышы экинчи президенттин аты менен айтылаарын, муну менен оппозициянын чырагына май тамганын, мурда конституциялык реформа, коррупция, сот бийлигинин акыйкатсыздыгы үчүн сынга алынып келсе, бул ирет өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна доо кетирип, өзүнө өчпөс кара так калтырганы талдоого алынган.

Мындан сырткары ушул автордун «Энергетикалык чычканга кылтак» деген макала түрмөгүндө Борбор Азиялык энергетикалык система түзүүгө мезгил жеткени айтылат.

«Кыргызстандын энергетикалык саясаты өлүп баратканын коңшулар дароо түшүнүп, учурдан пайдаланып калууга далбас урууда. Алар бул аймакта бирдиктүү энергиялык система түзүүгө абдан кызыкдар. Бул иш мамлекеттер аралык деңгээлде болуусу шарт»,- дейт кабарчы Елена Авдеева.

Ушул жумалык да Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун самитти тууралуу талдоого алган макалага орун берди. Мында бул уюм начар звено болуп, жакшы бирикпей турганы, жөн гана достук маанайдагы «шерне» сыяктуу өткөнү, азырынча толук мүмкүнчүлүктөрү ачылбай жатканы сынга алынган.

Экс-президент Аскар Акаевдин үйбүлөөсүнө таандык толук курулуп бүтпөй калган мейманкана комплекси сатыкка коюлуп, кыргызстандык алты ишкерден арыз түшкөнүн, 6 гектардан ашуун аянтты ээлеген имараттын алгачкы баасы 290 миллион сомго бааланганын, аукцион 27- августка белгиленгенин жумалык маалымдайт.

«Аукциондун шартына ылайык талапкерлер 25-августка чейин белгиленген баанын 10 пайызын төлөөсү шарт. Чет элдиктер, айрыкча Казакстан, Орусия, Кытай жана Пакистандык ишкерлер да бул имаратка кызыгып жатышат. Баасы 400 миллион сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн, деп билдирет «Белый пароход» гезити.

«Аргументы и факты»

Бул жумалык мамлекеттик тилге маани берилбей жатса, өлкөдө орус тили айрым райондордо начар окутулуп, көңүл бурулбай жатканына тынсызданат. Мында мамлекеттик тилди билбеген чиновниктердин жогорку кызматттарда иштеп жүргөнү кыргыз элинин айкөлдүгү катары сыпатталат.

«Жалгыз тил менен алыска барбайсың.Өлкөдө орус тилин окуткан мугалимдер жетишпейт. Окуу куралдары да эскирип, керектен чыгып калды»,- дейт билим берүү министри Каныбек Осмоналиев.

Өлкөдөгү пенсиялык системаны реформалоонун зарылдыгын социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетова айтып, 2008- жылдан баштап өлкөдө аялдар кайрадан 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыгаарын билдирип, бул элге жакшы болгону менен мамлекет үчүн кыйынчылык жаратаарын төрайым маалымдайт.

“Тамчы кабар”

Бул жумалык гезит Бишкекте өткөн Шанхай кызатташтык уюмунун самитти учурундагы кемчиликтерге токтолгон. «Саммит учурунда Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад эки ирет таарынды. Аны протокол боюнча «Манас» аба майданынан мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров тосуп алмак. Бирок ал Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду тосуп алып, автоунаага чейин узатып барып, резиденцияга жөнөтүп коюуунун ордуна аны менен кошо кетип калган. Аргасыздан Иран президентин каржы министри Акылбек Жапаров тосуп чыккан. Мында бир таарынса, экинчи ирет Жогорку кеңештин төрагасы Марат Султанов менен болчу жолугушууда отургучтар кадыр- баркына ылайык коюлбай калгандыктан жолугушуудан баш тартып, таарынып кете берген, деп маалымдайт «Тамчы кабар» гезити.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG